Чүй облусунун 17 муниципалитети көйгөйлөрүн чечүүгө 17 миллион сом өлчөмүндө гранттык жардам алды

21.04.2016 09:47
Кошумча маалымат: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси,0770 771711, 0312 976530 (кош. 107).
Чүй облусунун 17 муниципалитети көйгөйлөрүн чечүүгө 17 миллион сом өлчөмүндө гранттык жардам алды

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2016-жылдын 21-апрели
Бишкек, Кыргызстан

2016-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун 17 муниципалитетине жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн гранттык жардам алууга сертификаттар тапшырылды. Ар бири 1 миллион сом сумманы түзгөн сертификаттарды Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилик Миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли Монтелеон айым тапшырды.

2016-жылдын январында Чүй облусундагы бардык муниципалитеттер арасында Чакан гранттар программасынын алкагында гранттык жардам алууга конкурс жарыяланган. Бул конкурска колдоо «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Баары болуп конкурска Чүй облусундагы айылдык аймактардан жана Кемин шаарынан 31 табыштама түшкөн. Конкурстун шарттарына ылайык, жеңүүчү муниципалитеттерге берилген каражат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана колдонуш керек.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча, финансы жардамын төмөнкү муниципалитеттер алат:

Иш-чараны ачып жатып, аталган Долбоордун жетекчиси Бекиев Бекболот аземдин катышуучуларын куттуктап, алардын аракеттери, кызматташуусу жана ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирди. “Биздин Долбоор ЖӨБ органдарына отчеттуулукту жана чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун күчөтүүнүн жардамы менен мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга жардам берүү максатын көздөйт. Мындан тышкары долбоор жергиликтүү деңгээлде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкурстук негизде гранттык жардам берет. Бирок, албетте, Долбоорубузду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн сиздер бизге жардам беришиңиздер керек. Себеби биз аткарып жаткан иш сиздердин катышууңуздар менен гана өз максаттарына жетишет” – деди ал.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы Бакиров Жетиген өз сөзүндө конкурстын Комиссия мүчөсү катары тажрыйбасын катышуучуларга айтып жатып, табыштамаларды баалоодо айкындуулук кандай жол менен камсыздалгандыгы тууралуу бөлүштү. “Биз эң акырына чейин кайсы табыштама кайся айыл аймактан экендигин билген жокпуз, себеби алардын эч бир жеринде муниципалитеттин аталышы, географиялык жайгашуусу же башка маалымат жок болчу, - деди ал. – Ошол себептен мен сиздердин өтүнмөлөрүңүздөр менен таанышып жатып, мүмкүн болушунча объективдүү болдум. Ушул механизмди бардык долбоорлорду баалоодо колдонсок жакшы болмок. Сиздерден келген маалыматтан улам, аймактарда алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгына дагы бир жолу ынандым. Ошону менен бирге биздин өлкөгө көп жылдан бери өз жардамын көрсөтүп келе жаткан өнөктөшүбүз Швейцария өлкөсүнүн өкүлдөрүнө да чоң рахмат!”.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Икрамов Санжар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – мамлекеттин өзөгү экендигин белгилеп өттү. “Мамлекеттик түзүмдүн негизги катмары болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бүгүнкү ийгилиги менен биз куттуктайбыз! Сиздерге мындар ары дагы ийгиликтерге жетише беришиңиздерге тилектешпиз. Ал эми биздин өнөктөшүбүз болгон Швейцария өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы Элчилигине биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткандыгы үчүн биздин Агенттиктин атынан ыраазычылык билдирем” – деди статс-катчы..

«Швейцария аталган долбоорго 2011-жылдан бери финансылык жардам берип келет, - деп белгиледи Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилик Миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли Монтелеон айым. – Биздин жардам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таза суунун жетишсиздиги, таштанды, мектептердеги шарттардын начардыгы өңдүү маселелерди чечип, өз жамааттарындагы адамдардын турмуш шартын жакшыртат деп ойлойбуз».

Андан соң жеңүүчү деп табылган Чүй облусунун 17 муниципалитетинин айыл өкмөт башчылары Гранттык келишимдерге кол коюп, өз мөөрлөрүн басышты. Өз суранычы менен бир катар айыл өкмөт башчылары Долбоорго жана анын аткаруучуларына ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн билимин жогорулатуу багытындагы алып барган иш аракеттери үчүн ыраазычылык айтышты.

Проект: