“Бүгүнкү үнөмдөө- ишенимдүү эртеңки күн” мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн улуттук сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

19.03.2015 11:52
Сынактык иштер 2015-жылдын 16-февралынан 27-февралга чейин 7 жаштан 17 жашка чейинки балдардан кабыл алынды.
“Бүгүнкү үнөмдөө-  ишенимдүү эртеңки күн” мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн улуттук сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Дүйнөлүк Акча Жумалыгына (GlobalMoneyWeek – 2015) арналган иш-чаралардын алкагында,  Кыргызстанда  “ Бүгүнкү үнөмдөө-  ишенимдүү эртеңки күн” деген аталыштагы балдардын улуттук сүрөт сынагы өткөрүлгөн.

 

Сынактын уюштуруучусу катары Жумушчу топ түзүлүп, анын курамына  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы,  Бишкек шаарынын  билим берүү башкармалыгы, Өнүктүрүү саясат институту,  Кыргызстандын банктар союзу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы финансылыкты рынокту жөнгө салуу жана  көзөмөлдөө боюнча  мамлекеттик  кызматы,  Жаштарды өнүктүрүү институту,  Кыргызстандагы депозиттерди  коргоо боюнча  агенттиги жана  Кыргыз Республикасынын  Эмгек, миграция  жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү киришкен.

 

Сынактык иштер   2015-жылдын  16-февралынан 27-февралга чейин  7 жаштан 17 жашка чейинки балдардан  кабыл алынды. Жалпысынан сынакка  өлкөнүн баардык облустарынан 199 автордон  205  сүрөт келип түшкөн.

 

Балдар  үй-бүлө бюджети, чөнтөк акчасы, финансылык мекемелер,  финансылык керектөөлөр жана  өздөрүнүн  финансылык келечегине байланышкан темалардагы сүрөттөрдү жөнөтүшкөн. Сүрөткө авторлор ураан катары  акча  жөнүндө макал-лакаптарды, көпчүлүк  иштерде акча каражаттарын туура пайдалануу жана топтоо туурасында  чакырыктарды  колдонушкан.

 

Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк Акча Жумалыгын  өткөрүү боюнча  Жумушчу топко кирген  сынактык комиссия  баардык иштерди карап чыккан соң, байге орундарын төмөндөгүчө бөлүштүрдү:

 

“ 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар ” тобу боюнча:

1-орун – Алина Кузьмина, 8 жаш. Бишкек шаарындагы № 13 мектеп комплекс- лицейи

2-орун- Даяна Макеева, 10 жаш. Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер мектеби

3-орун- Дария Сатаева, 9 жаш. Бишкек шаарынын  окуу-тарбия комплексинин №67 мектеп-гимназиясы

 

“ 11 жаштан 14 жашка чейинки балдар” тобу боюнча:

1-орун-  Георгий  Морозов, 12 жаш. Бишкек шаарындагы №13лицей-комплекс мектеби

2-орун- Акылай Атаканова, 11 жаш. Бишкек шаарындагы №13лицей-комплекс мектеби

3-орун- Арсений Морозов, 12 лет. Бишкек шаарындагы №13лицей-комплекс мектеби

 

“ 15 жаштан 17 жашка чейинки балдар” тобу боюнча:

1-орун- Даяна Шарапова, 15 жаш. Бишкек шаарындагы № 70 окуу-тарбия комплекс мектеби

2-орун-  Урмат Мамасали уулу, 17 жаш. Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунун  № 23 Ж.Жунусалиев атындагы  мектеп

3-орун- Аман Исаков, 15 жаш.  Талас шаарынын  “ Манас-Ата-Себат” балдар лицейи.

 

Сынакка  көп сандаган  иштер келип түшкөндүгүнө байланыштуу, мурда каралбаган  кошумча кызыктыруучу белектерди тапшыруу чечими кабыл алынды. Сынактын жобосуна ылайык, төмөндөгү номинациялар боюнча:

“ 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар” тобу боюнча  кызыктыруучу белектер тапшырылат:

1.Сумая Кадралиева, 8 жаш. Бишкек шаарындагы  Герман Гмайнер атындагы мектеп

2.Кубатбек Сейитов, 7 жаш. Бишкек шаарындагы  №64мектеп-гимназиясы

3.Т.Айзат, 10 жаш. Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Европа мектеби

 

“ 11 жаштан 14 жашка чейинки балдар” тобу боюнча кызыктыруучу белектер тапшырылат:

1.Сыймык Кубанычбеков, 13 жаш. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Макаренко атындагы  №1 мектеп-гимназиясы

2. Ксения Шамыгина, 13 жаш. Бишкек шаарындагы №6 окуу-тарбия  комплекси мектеби

3.Аида Саркулова, 13 жаш. Бишкек шаарынын №65 мектеп-лицейи.

 

“ 15 жаштан 17 жашка чейинки балдар” тобу боюнча кызыктыруучу белектер тапшырылат:

1.Абдрахман кызы Орозгүл, 16 жаш.  Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы № 23 Ж.Жунусалиев атындагы  мектеп

2. Айпери Мусаева, 15 жаш. Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбия комплекс мектеби

3.Мээрим Айдиева, 15 жаш. Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбия комплекс мектеби

 

Кошумча кызыктыруучу  белектер менен ошондой эле төмөндөгүлөр сыйланат:

Рита Лавриненко (№13мектеп-лицейи), ШаршенбекКызы Адель ( №70 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Саадат Сатаева (№67мектеп гимназия), Арина Чернявская (№70 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Айдана Максатова ( Тамга орто мектеби), Айтолкун Апсатарова ( №70 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Кайрат Бобуков (SOS Балдар айылы), Нафиса Ашурова ( № 20 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Стамкалый уулу Эламан

( Герман Гмайнер атындагы мектеп), Диана Нурланова (Герман Гмайнер атындагы мектеп), Айдана Жаныбекова (Герман Гмайнер атындагы мектеп), Аубакирова Айжамал Кувановна ( №70 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Бермет Карамуратова( №70 окуу –тарбия  комплекс мектеби), Айданек Шаршенбекова (Герман Гмайнер атындагы мектеп).

 

“Бүгүнкү үнөмдөө-  ишенимдүү эртеңки күн” темасындагы балдардын улуттук сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары, ошондой эле   "ФИНКА Банк" ЖАК , Банк  «Бай Түшүм» ЖАК,  "Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик банк" ЖАК,  «Айыл Банк» ААК демөөрчүлүгү алдында коммерциялык банктарда депозиттерди ачуу  боюнча сертификаттар тапшырылат. Айтсак, үч категория боюнча  биринчи орундарды  алган сынактын жеңүүчүлөрүнө  5000 сомдон, экинчи орундагыларга – 3000 сомдон,  ал эми үчүнчү орунду алган авторлорго – 2000 сомдон депозит ачылат.

Кызыктыруучу сыйлык катары 1500 сомдук депозит ачуу эки авторго, ал эми байгеге илинбей, бирок  сынактык комиссия тарабынан белгиленген  9 балага  атайын белектер- 500 сомдон 1500 сомго чейин  акчалай каражаты бар  уюлдук капчык берилет.

Мындан тышкары, баардык белгиленген авторлор  Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын башка дагы   уюштуруучулары тарабынан байгелүү  белектерди алышат.  Айта кестек, Өнүктүрүү саясат институту,  “ Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси,  Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана “ Жеке инвесторлор клубу”  коомдук бирикмеси. Сынактын мыкты иштерин  Г.Айтиев атындагы  кыргыз улуттук көркөм  сүрөт музейиндеги көргөзмөдөн көрүүгө болот. Ал 2015-жылдын 19-мартынан 25-мартына чейин уланат.

 

Маалымат үчүн: GlobalMoneyWeek – балдардын көңүлүн финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга  кызыктыруу максатындагы    кийинки муундар үчүн ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү финансылык  келечекке багытталып,  акчаны башкаруу, максат коюу жана  финансылык пландарды  иштеп чыгып, ага жетишүүгө үйрөтүүчү эл аралык окуя.

Проект: