Сузактын Ленин айылдык округунда бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуу болду

30.01.2012 00:00
Кечээ, 27-январь күнү Сузак районунун Ленин айылдык округунда 200гө жакын жергиликтүү тургундардын катышуусунда 2011-жылда айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жана турмуш-тиричилик чарбасынын ишин жандандыруу боюнча коомдук угуу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева.
Сузактын Ленин айылдык округунда бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуу болду

Кечээ, 27-январь күнү Сузак районунун Ленин айылдык округунда 200гө жакын жергиликтүү тургундардын катышуусунда 2011-жылда айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жана турмуш-тиричилик чарбасынын ишин жандандыруу боюнча коомдук угуу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева.

Коомдук угууда алгач сөздү айылдык округдун башчысы Чолпонбек Мурзакунов алып, ал 2011-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Өткөн жылы аба ырайынын кургакчыл келгенине карабастан, айыл-чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча жакшы ийгилктер болгондугун айтты. Мал чарбачылыгында да бир топ жылыштар болуп, 2011-жылы айылдык округдун тургундарынын малдарынын сандары өскөн.

«Айылдык өкмөт бюджеттик паланды аткаруу боюнча уюшкандыкта иш жүргүзүп ижара акы, жер салыгы, автоунаа салыгын ашыгы менен аткарышты. Элдерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 28 км канал «К – 700» трактору менен, 20 км арык кол күчү менен тазаланды», - деди Ч.Мурзаканов.

Анын айтымына караганда, Ленин айылдык округунун тургундарынын дагы бир чоң көйгөйү – бул айылдардан таштандыларды чыгаруу, айылдагы жолдорду калыбына келтирүү, көрктөндүрүүнү колго алуу боюнча өткөн жылы айылдык округдун алдына турмуш-тиричилик чарбасын (ТТЧ) түзүү боюнча сунушту айылдык кеңештин депутаттары колдоп беришкен.

«Быйылкы жылы ТТЧнын ишин жандандыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттен жана эл аралык донорлор менен келишип, айылдардагы таштандыларды чыгаруу үчүн тракторду арабасы (тележкасы) менен сатып алууну пландаштырып жатабыз», - деди айылдык округдун башчысы.

Ал эми айылдык округдун каржы, экономика бөлүмүнүн башчысы Чынаркан Сулайманова, коомдук угуунун катышуучуларына айылдык округдун 2011-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылышы, чыгаша бөлүгү боюнча маалыматтарды берди. Анын айтымында, өткөн жылы айылдык округда жалпы кирешеси 17 млн 331,7 миң сом болсо, анын 9,2%ын жергиликтүү бюджет, 90,8%ын республикалык бюджеттен келүүүчү трансферттер түзгөн.

«Айылдык округ ТТЧ кызматын уюштуруп, 2011-жылы 145 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген. Анын ичинен 125 миң сом жаңы көчөлөрдөгү жолдорго шагыл төгүүгө, 20 миң сому жыл боюу таштандыларды сүрүүгө жумшалды», - деди Ч.Сулайманова.

Турмуш-тиричилик чарбанын жетекчиси Осмон Джунусбаевдин коомдук угууда берген маалымытына караганда, айылдык округ тарабынан өткөн жылы ТТЧнын ишин жандандыруу үчүн көп аракеттер жасалгандыгын айтты. Анын айтымында, 2011-жылы 14-декабрда айылдык кеңештин 17-сессиясы болуп, анда таштандыларды төгүү үчүн атайын 1,1 га жер аянты бөлүнүп берилген. Азыркы учурда мөөрү, уставы, күбөлүгү даярдалып, банк эсеби ачылууда. «Айылдык округда ТТЧы жаңы ачылып жаткандыгына байланыштуу бул чарбага демөөрчүлүк жардам, инвестиция тартуу зарыл. Себеби, таштандыларды ташуу үчүн бизде техника жок», - дейт ал.

«Үстүбүздөгү жылы ТТЧда иштей турган 9 адам үчүн 228 миң сом айлык акы керектелет. Алардын алды 5 миң, арты 1,5 миң сом айлык акы алуусу каралууда. Жалпы киреше бөлүгү 483 миң сомду түзөт. Анын 300 миң сому айылдык округда жашаган 1460 түтүндүн болжол менен 1 миң үй-бүлөсүнөн 25 миң сомдон топтоодон жыйналат. ТТЧ өзүн-өзү камсыз кылуу үчүн элден 32,11 сомдон чогултуу керек болчу. Азыр 25 сомдон алуу сунушталып жатат. Айырмасы 7,11 сом болуп, ал айылдык округдун жергиликтүү бюжетинен толукталат. Мындан сырткары, кээ бир үй-бүлөлөргө келишимдин негизинде трактор менен жерди айдоо, топтолуп калган эски таштандыларды тартып чыгаруу кызматтары көрсөтүлөт», - деди О.Джунусбаев.

Коомдук угууга келгендерге айылдык округдун өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышынын отчету, турмуш-тиричилик чарбасынын мындан аркы жасай турган иштери боюнча кеңири жазылган маалымат бюллетендери берилди. Маалымат бюллетендин бул чыгарылышы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында даярдалган. Аталган долбоор КР Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюросу тарабынан Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган.

Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкулованын айтымында, долбоордун алкагында беш айлык киришүү кадамы 2011-жылдын 1-ноябрында башталган. Бул жети жылдык долбор болуп саналат. Кыргызстан боюнча үч айылдык округ катышып жатат. Бул: Сузакта – Ленин айылдык округу, Ысык-Атада – Ивановка айылдык округу жана Ыссык-Көлдө – Төрт-Күл айылдык округдары беш айга иш алып барып жатышат. «Грант катары үч айылдык округка үн күчөткүч алып бердик. Долбоордун максаты – кызыккан тараптардын катышуусу менен маселени эл алдында чечүү жана талкулоо. Ошондой эле, элдин ой-пикирин угуп, бюджетти элдин катышуусунда көзөмөлгө алуу болуп саналат», - дейт Н.Жаманкулова.

Ленин айылдык округунда жайгашкан А.Тажибаев орто мектебинин окуучулары «Айылдын тазалыгы – биздин тазалыгыбыз» - деген аталыштагы композицияны көрсөтүшүп, жергиликтүү тургундарды тазалыкты сактоого, экологияга аяр мамиле жасоого чакырып кетишти. Айылдык округда өткөн коомдук угууга Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев, райондук санитардык эпидемиологиялык станциянын дарыгери Калмамат Тагаев катышты. Санитардык дарыгер таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири жана райондогу жугуштуу оорулар боюнча маалымат берди.