“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

18.07.2014 16:02
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

18-июль, 2014-жыл