Ысык-Көлгө пресс-сапар: бизнес чакан болсо да баарынан кымбат

26.09.2013 09:50
Изилдөөнүн жана анализдин объектиси Ысык-Көл облусунун кичи жана орто бизнеси болду...
Ысык-Көлгө пресс-сапар: бизнес чакан болсо да баарынан кымбат

Өнүктүрүү саясат институтунун Экономикалык журналистика мектеби долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ММК өкүлдөрү үчүн үчүнчү пресс-сапарды уюштурду. Бул жолу изилдөөнүн жана анализдин объектиси Ысык-Көл облусунун кичи жана орто бизнеси болду.

Уюштуруучулар журналисттердин ишканаларга жана фермердик чарбачылыктарга сапары маалында алардын чыгармачыл ишине шарт түзүп берүү тууралуу өтүнүчтөрүн мүмкүн болушунча көбүрөөк канааттандырууга аракет жасашты. Пресс-сапарга чыгаар алдында биздин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү ушул тармактагы кырдаал тууралуу эксперт Бакыт САТЫБЕКОВ айтып берди. Ал изилдөөлөр жана анализ үчүн багыт берип, кичи жана чакан бизнести канткенде жакшыраак чагылдырса болот, ишкер менен сүйлөшүп жатканда эмнеге көңүл буруу керек деген темада өз кеңештерин жана сунуштамаларын аяган жок. Мына ушуну өткөн пресс-сапарларда катышуучулар өтүнгөн эле.

- Чакан жана орто бизнес бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерген салыктарына караганда, өзүнүн социалдык миссиясы менен маанилүү. Экономиканын бул секторунда калктын эң көп бөлүгү иш тапкан. Бул сектордун ишкерлери жумушчу орундарды түзүү менен коомдогу социалдык чыңалууну да азайтып жатышат. Макала жазып жатканда ушуга да көңүл буруп койсоңуздар,- деген кеңешин берди Бакыт САТЫБЕКОВ.

Экономикалык жагынан алганда көбүрөөк өнүккөн региондордун бирине чыгармачыл сапарга катышууну каалагандар абдан көп болгондуктан уюштуруучулар орундардын санын көбөйтүп, логистикага байланышкан кошумча каржылык жана административдик жүктү өздөрүнө алышты. Мына ушул ишти ӨСИ командасы мыкты аткарды. Бардык объекттерде журналисттерди баарын айтып берүүгө жана көрсөтүүгө даяр турган ишкерлер тосуп алышты. Алар журналисттердин толгон-токой суроолоруна жооп берип, бир нече саат боюбаарлашууга даяр эле.

Белгилей кетчү жагдай, бул жолку программа өтө жыш түзүлдү. Өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү, жемишти кайра иштетүү, балыкчылык, туризм – мунун баары Ысык-Көл облусунда кичи жана орто бизнестин абалы жана өнүгүүсү тууралуу толук маалымат берди. Бир сектордун гана объекттери көрсөтүлдү – бул да пресс-сапардын катышуучуларынын каалоолорунун бири эле.

Республиканын бардык облустарынан 20дан ашык журналисттин ичинен үчөө гана орус тилдүү басылманын өкүлү болду. Бирок бул факт аларга активдүү болуп, баарына кызыгууга түрткү болгон жок.

Сапарда тажрыйбалуу журналисттер да, бул кесипти жаңыдан гана аркалай баштагандар да болду.Алар тажрыйбалуу журналисттер кантип иштешерине,кантип маалымат топтошооруна, маектештин кантип кепке тартып, кандай деталдарга көбүрөөк көңүл бурарына күбө болушту. Жаштар үчүн бул бир жагынан мастер-класс да болду.

“Слово Кыргызстана” гезитинин тажрыйбалуу журналисти Галина ЛУНЕВА үчүн объекттер аз болуп калса, анын аймактардагы айрым кесиптештери кечинде бутун тарталбай жыгылышты. “Талас турмушу” гезитинин өкүлү Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВдун баамында, “журналистке эркин чабак урууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Б.а., журналистти 1-2 саатка ишкер менен жалгыз таштап койсо, ар бир кабарчы кызыктуу жана маанилүү маалыматты таба алмак. Бул бизге аналитика жазууга жардам бермек”.

Анын кесиптеши, Comment.kg маалымат агенттигинен Александр НИКСДОРФ келечекте тематикалык пресс-сапарга катышуу ниетин билдирди: “Мисалы,бир же эки облустагы бир нече балык чарбасында болгубуз келет. Же шире, кыям, же эмерек чыгарган бир нече ишканага барсак болот. Ошондо биз өндүрүштүн белгилүү бир түрүн толугураак камтып, салыштырып,анализ жасамакпыз”.

“Ош садоси” гезитинин журналисти Ахмаджан МАХАМАДЖАНОВ мындай сапарларга жаштарды көбүрөөк чакырууну уюштуруучуларга сунуштады: “Анткени дал ошолор журналисттик материалдардын сапатын жакшыртып, келечекте коомдук пикирди калыптандырышмакчы”.

Пресс-сапар тууралуу кыргыз журналистикасындагы жаш муундун өкүлү, «Tushtuk» маалымат агенттигинин кабарчысы Азамат АРАЛБАЕВ буларды айтты:

- Мен ӨСИ ушул пресс-сапар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Анткени дал ушундай сапарлардан кийин окурмандар аймактарда жашап жаткан таланттуу ишкерлер тууралуу маалыматка ээ болушат”.

Мына ушундай сөздөрдөн кийин жана каалоолордон соң биз катышуучулардан кызыктуу, эң негизгиси пайдалуу маалыматтарга жыш толгон макалаларды,репортаждарды, маектерди күтүүгө укугубуз бар. Макала жазууга себептер да, биздин экономиканы алдыга жылдырып жаткан адамдар тууралуу сабак берчү окуялар да өтө көп болду.

 

Проект: