Бюджет аралык мамилелерди өркүндөтүү - бюджеттик саясаттын башкы багыты

27.02.2012 00:00
Жергиликтүү бюджет – бул жер-жерлерде турмуш шарттарын талаптагыдай түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча органдарынын иш аракетинин финансылык чагылдылуусу болуп саналат.

Жергиликтүү бюджет – бул жер-жерлерде турмуш шарттарын талаптагыдай түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча органдарынын иш аракетинин финансылык чагылдылуусу болуп саналат.

Орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын бюджеттик саясатында масштабдуу экономикалык программалар иштелип чыгуусу, тактап айтканда “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңешке сунуштоо, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин ролун жакшыртуу жана бюджеттик каражаттарды сарптоону баалоонун так эрежелерин киргизүү зарылдыгын , ошону менен катар жергиликтүү бюджеттерге ыйгарым укуктуу өз алдынчалуулукту көбүрөөк берүү керектигин белгилешип келген. Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары киреше алуу булактарынын эки гана түрү гана калганы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы киреше булагынын азаюусун жергиликтүү башкаруу адистерин тынчсыздандыруусун пайда кылган .

Азыркы кезде эки деңгээлдүү бюджетти кабыл алуу менен жергиликтүү бийлик органдарында жалпы мамлекеттик салыктардын бөлүгү жергиликтүү бюджетте калаары айтылууда. Ушул багыттагы маселелер тегерегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджет аралык мамилелер башкармалыгынын начальниги Зоотбек Кыдыралиевге бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Жогору турган деңгээлдер терс трансферттер түрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан каражаттарды алып коюу учурлары кездешип келгендигин билебиз. Ошол эле учурда бардык бюджеттик чыгымдар Финансы министрлигинин аймактык органдары тарабынан контролдукка алынчу. Мындай система жергиликтүү бюджет процеесинин натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизчү. Бул жааттан алганда, 2012-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн республикалык бюджетте кандай жаңы өзгөртүүлөр киризилди?

Негизинен буга байланыштуу жергиликттүү бюджеттердин киреше потенциалын чыңдоо максатында бюджеттик-финансылык саясатты стратегиялык багыттоо республикалык бюджет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюжеттеринин ортосундагы кирешелерди адилеттүү жана текши бөлүштүрүү принцибин сактоо болуп калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралынын №32 буйругуна ылайык райондордун жергиликтүү бюджети кыскартылган. Райондун жергиликтүү бюджетинен мурда каржылануучу бюджеттик мекемелер тийиштүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун карамагына республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлдү. Айылдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн биз башкаруу жагында да, ошондой эле финансылык өз алдынчалуулук жагында да көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүү менен, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин пайдасына кирешелер боюнча пайыздык чегерүүлөрдүн ченемин кайра карап чыгып, райондук бюджет “ аталган” ортодогу керексиз болгон звено жоюлду. Жыйынтыгында, жергиликтүү бюджеттер кошумча 1,0 млрд.сомдон ашык каражаттарды берүү каралууда.

Ошону менен бирге ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо көрсөтүү максатында Өкмөт тарабынан “Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер” аттуу жеңилдетилген насыялоо программасы сунушталган. Бул максаттарга бюджетте 1,0 млрд.сом көлөмүндө каражаттарды бөлүп берүү болжолдонуп, анын ичинен 400 млн сому эсептик сактоо кампаниячы(ЭСК) жана Айыл банктарына берилмекчи.

Мындан тышкары, учурдагы жылы айыл калкына колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн саясатка кошумча айыл өкмөттөрүндө чакан кредиттөө уюмдарын түзүү пландалууда, бул иш чарага келечекте 550,0 млн.сом багытталат.

-Сөзүңүзгө аралжы, жогоруда айтылган кирешелер боюнча чегерүүлөр боюнча такталган маалыматтарга токтоло кетсеңиз?

Алсак, республикалык маанидеги шаарлар үчүн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 50 пайыз (2011-жылы 35 пайызды түзгөн), облусттук, райондук маанидеги шаарлар үчүн 40 пайыз (2011-жылы -30 пайызды түзгөн), айыл өкмөтү үчүн 10 пайыз

(2011-жылы -0%). Республикалык, облусттук, райондук маанидеги шаарлар жана айыл өкмөттөрү үчүн милдеттүү патент негизиндеги салык 2011-жылы -50 пайызды түзгөн болсо , 2012- жылы 100 пайыз өлчөмүндө белгиленди. Пайдалуу кендерди иштеткендик үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 50 пайыз өлчөмүндө салык белгиленди.

Жалпысынан алганда,кирешелердин менчик булактарын жергиликтүү бюджеттер менен бекемдөө жана жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн алгылыктуу белгилүү менен бюджеттердин өз алдынчалуулугунун негизи болду.

2010-2011-жылдын республикалык бюджетти аткаруу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан кызмат абалынан кыянаттык кылуу учурлары кездештиби?

- 2010-жылга категориялык гранттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар аныкталды.”Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штатарын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы №404 токтомундагы көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай, каржылык бузууларга жол берилген. Атап айтканда, класстарды комлекттөөлөр жана айрым предметтер боюнча топчолорго бөлүү боюнча мүчүлүштүктөр кетирилген. Мында “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренеси боюнча категориялык гранттарды түзүүдө кемчиликтер аныкталган.Тактап айтканда, мектептердин чыгымдар сметаларына негизсиз эсептөөлөрдө сааттардын торчосунун жоктугу, типтүү штаттар, айрым тил багытары боюнча(кыргыз, орус) комлекттөөлөрдүн эсептери туура эмес болгон. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана билим берүү мекемелери эмгек акы боюнча жана Социалдык Фондго чегерүүлөр боюнча дебитордук карыздардын түзүлүшүнө жол беришкендиктери белгиленди.

Сиздердин министрлик тарабынан сиз айткан кемчиликтерге кандай чаралар көрүлдү?

-Жакында болуп өткөн министрликтин кезектеги коллегиясында бул маселелер каралып, бир катар жергиликтүү финансы жана казыналык органдарда иштеген кызматкерлери административдик жазаларды алышты. Ошону менен бирге бюджеттик чыгымдоолорду натыйжалуу пайдалануу, үзгүлтүксүз түрдө талдоо жана мониторингдөө негизинде аларды кыскартуу, мыйзамсыз жана максатка ылайыктуу эмес пайдалануу фактыларына жол берген жетекчилерге да катуу жазалоо иш-чаралары белгиленди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарда болгон муниципалдык менчик жана табигый ресурстардын кирешелер көлөмү кандай жана алынган каражаттар каякка багытталат жана жумшалат?

-Муниципалдык менчиктен жана табигый ресурстардан түшүүчү кирешелердин болжолдуу суммасы 403,8 млн. сомду түзөт. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат. Ар бир жергиликтүү орган өзүлөрүнүн артыкчылыктуу деп эсептеген, алсак жолдорду оңдоо, бала бакча, социалдык маанидеги маселелерди чечүү үчүн бул каражаттар жумшалат.

Акыркы жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон бош жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүлгөнбү, ФПС жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү, аукцион аркылуу сатуу ачык –айкын өткөрүлөбү, андан түшкөн каражаттар ЖӨБ органдары тарабынан натыйжалуу пайдаланылабы ?

Негизинен муниципалдык менчикти башкаруу саясаты жаатында муниципалдык менчик жана жер фонддорунун обүектилеринин реестирин түзүү жана жүргүзүү жана аларды ижарага берүү же сатуу эң негизги болуп саналат. Бул иш –чараларды ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзам менен бекитилген.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон бош жерлерди инвентарлаштыруу бул органдар тарабынан жүргүзүлөт. ФПС жерлерин ижарага берүүдөн алынган каражаттар ЖӨБ органынын бюджетине түшөт. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүлөрүндө болгон ресурсту жогору баа сунуштаган аукцион катышуучуларына сунуштоо, бюджетин толтуруу жаатында бир топ эле тажрыйбаларга ээ болуп калышты. Негизи айыл өкмөтү талаптагыдай тынымсыз иш алып барса , айыл жергиндеги инфраструктура оңолот, элеттиктердин жашоо жыргалчылыгы жакшырат деп ойлоймун.

Маек курганыңыз үчүн ырахмат.