Шаарды өнүктүрүү багытында өз-ара аракеттешүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо

17.10.2013 17:50
Сүлүктү ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүктүрүү планын аткарышы боюнча коомдук угуулар 23-октябрда Сүлүктү шаарында өтөт.
Шаарды өнүктүрүү багытында өз-ара аракеттешүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо

2013-жылдын 23-октябрында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында коомдук угуулар болуп өтөт. Коомдук угууларды өткөрүүнүн максаты – Сүлүктү шаарынын ЖӨБ органдарынын ишмердигинин алдын ала натыйжасы боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын шаардыктардын алдында отчет берүү жана калктын, шаар бийлигинин жана тоо-кен компаниялардын өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап алуу.

Сүлүктү ш. өнүктүрүү планы шаар тургундарынын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен түзүлгөн. Көп убакыттан бери каржы ресурстарынын жетишсиздигинен улам шаар бийликтери бышып жетилген көйгөйлөрдү өз убагында жана толук көлөмдө чече алган эмес. Бирок шаардын экономикасынын өнүгүүсү жана биринчи кезекте көмүрдү казуу ыргагынын артышы менен шаардын бюджетине акча каражаты түшө баштады. Бул каражат шаардын алдында турган артыкчылыктуу тапшырмаларды ишке ашыра баштоого жол ачты.

Өзгөчө маанилүү көйгөйлөр:

Сүлүктү ш. мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары калктын пикирин эсепке алуу менен артыкчылыктуу долбоорлорду аныкташты. Ал долбоорлорго каражат бөлүнүп, бүгүнкү күнгө карата соңуна чыгарылды.

2013-жылдын ичинде калктын, ишкерлердин жана республикалык бюджеттеги каражаттын колдоосу менен жергиликтүү бийлик жалпысынан 52 млн. сомдон ашык каражатка шаардын социалдык инфраструктурасын бир кыйла жакшыртып алды.

Биринчи кезекте көмүр казуучу компаниялардын ишинин эсебинен жергиликтүү бюджеттин кирешеси көбөйгөн үчүн ушундай ийгиликтерге жетишүү мүмкүн болуп турат.

Жыл аяктай электигине карабастан 2013-жылдын кирешелери, өзгөчө кирешеге карай салык, ыктыярдуу патенттөө, мүлккө салык боюнча 2012-жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашып түштү. Мындан тышкары көмүр сатылчу мезгил башталгандан тарта сатуудан алынган салыктын жана жер казынасына салыктын (роялти) эсебинен кирешелердин олуттуу өсүшү күтүлүүдө. Ошентип 2013-жылдын көрсөткүчтөрү 2012-жылдан бир кыйла ашып түшүшү мүмкүн. Бул болсо Сүлүктү шаарынын өнүгүү келечеги кең дегенди түшүндүрөт.

Проект: