Ысык-Көл облусунда ЖӨБ органдары үчүн облустук прокуратуранын жана Эсеп палатасынын катышуусу менен райондук семинарлардын цикли өткөрүлдү

20.05.2013 10:28
Семинарга Ысык-Көл облусунун беш районундагы айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунун алкагында 2013-жылдын 13-майынан 17-майына чейин «ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү.

ЖӨБ органдары тарабынан мыйзамдарды типтүү бузушун алдын алуу» темасына райондук семинарлардын цикли өткөрүлдү. Семинарга Ысык-Көл облусунун беш районундагы айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 

Бул иш-чара 4-5-апрелде Каракол шаарында КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлгөн семинар-кеңешменин логикалык уландысы катары уюштурулду. Семинар ЖӨБ органдары тарабынан мыйзамдарды бузуусун алдын алууга жана болтурбоого, ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдар, аны менен катар прокуратура органдары жана Эсеп палатасы менен өнөктөш мамилелерди орнотууга багытталган.

Катышуучулардын алдында Ысык-Көл облусунун облустук прокуратурасынын прокурору Үмүт КОНКУБАЕВА, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Эсеп палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору Кубанычбек БАКИНОВ, ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эксперттери Асылбек ЧЕКИРОВ жана Бектур ОРОЗБАЕВ сүйлөштү.

Облустук прокуратуранын прокурору Үмүт КОНКУБАЕВА өз баяндамасында прокуратура органдарынын максаттары жана тапшырмалары, ошондой эле алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин текшерүүгө карата укуктары жана ыйгарым укуктары тууралуу маалыматты берди. Прокурор мыйзам бузууларды болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү, прокуратура органдарына тиги же бул укуктук суроолор боюнча кеңеш алуу үчүн алдын ала кайрылуу зарылчылыгын өзгөчө белгилеп өттү. ЖӨБ органдарынын жетекчилери адатта көп жасаган мыйзам бузуулар боюнча маалымат «тегерек столдун» катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Эсеп палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору Кубанычбек БАКИНОВ да баяндама менен чыкты. Өз сөзүндө инспектор Эсеп палатасынын системасы жана анын ишмердиги, ЖӨБ органдарынын ишмердигине аудит жүргүзүүнүн тартиби, жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске аудит жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, каржы ишмердиги жана жергиликтүү бюджетти ишке ашыруу чөйрөсүндө ЖӨБ органдары кетирген типтүү бузуулар тууралуу маалымат берди. ошондой эле ал АА башчыларын аудит ар бир айыл өкмөтүндө план боюнча гана – бир жарым-эки жылда бир жолу жүргүзүлөрүн айтты. Инспектор 2009-жыл жана 2011-жыл үчүн АЖМФ жерлерин башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды санап берди; мындай бузууларды бухгалтерлер товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууда, иш сапарларга кеткен чыгашаларды эсептөөдө кетирет; мыйзам бузуулар жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аныктоодо кетет.

ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун укуктук маселелер боюнча адиси Бектур ОРОЗБАЕВ “ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн формалары” темасына баяндама жасады.

ӨСИнин Долбоорунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси Асылбек ЧЕКИРОВ бюджеттик процесстин натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылчылыгы тууралуу айтып берди. Ал процесс жамааттын чыныгы керектөөлөрүнө жараша жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоо жана
чыгаша милдеттемелерди түзүү жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Буга кошумча муниципалдык кызматчылардын квалификациясын арттыруу жана кайра даярдоо системасында күтүлгөн өзгөрүүлөр тууралуу маалымат да берилди. Семинардын катышуучуларына муниципалдык кызматчыларды окутуунун жаңы моделин ишке ашыруу боюнча ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ишке ашырып жаткан пилоттук программага катышуу сунушталды.

Бул иш-чара ЖӨБ органдарынын жетекчилерине мамлекеттик органдар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тууралуу көбүрөөк маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн – ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин консультациялык-укуктук керектөөлөрү тууралуу билүү мүмкүнчүлүгүн берди. Иш-чара ЖӨБ органдары, прокуратура жана Эсеп палатасынын ортосунда мыйзамдардагы бузууларды биргелешип болтурбоого багытталган өз ара аракеттешүүсүн орнотуу
үчүн жакшы себеп болду.

Ысык-Көл облусунун ар бир районунда өткөрүлгөн семинарларга 159 адам катышты. Алардын арасында аймактардын башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары жана ЖӨБнын каржылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да бар:

Проект: