ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында 2014-ж. бюджети боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

25.06.2013 13:21
Коомдук угуулар 28-июндан 30-июлга чейинки аралыкта Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында болуп өтөт.
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында 2014-ж. бюджети боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

2013-жылдын 28-июнунан 30-июлуна чейинки аралыкта ЭҮЖӨБОЖ долбоору иш алып барган Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын сынамык жана алар менен кошо окутууга катышкан айылдык аймактарда 2014-жылдын бюджети боюнча коомдук угуулар болуп өтөт. Аталган иш-чаралар Долбоордун техникалык жана кеңештик колдоосу менен өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айынын 15нен 30на чейинки аралыгында ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери тарабынан «201-жылдын бюджети түзүү боюнча коомдук угуулар» деген аталышта атайын окутууларды өткөрүлгөн. Окутуулар райондук деңгээлде уюштурулуп, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бардык айылдык аймактарын камтыган. 

Коомдук угуулар өткөрүлгөн соң эки облустун ЖӨБ органдары ЭҮЖӨБОЖ долбоору тарабынан уюштурулган “Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын чыныгы катышуусу - 2013” сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул сынактын жалпы байге фонду 80 000 сомду түзөт.

Кийинки жылдын бюджети боюнча коомдук угуулардын графиги (сынамык эмес аймактарды кошкондо):

Ысык-Көл облусу:

Жалал-Абад облусу:

Чүй облусу:

Проект: