КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому

13.05.2013 15:42
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин учурдагы финансы жылына республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Жоболор