Ош жана Жалал-Абад шаарларына пресс-сапарга катышууга чакыруу

26.04.2013 07:00
Пресс-сапардын темасы: «Жалал-Абад жана Ош облустарынын экономикасынын келечектеги өнүгүүсү кандай? “Экономикага жана ишкердикке мамлекеттин таасири кандай?»

Ош жана Жалал-Абад шаарларына пресс-сапарга катышууга чакыруу

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ЖАНА ММК РЕДАКТОРЛОРУНУН КӨҢҮЛҮНӨ!

2013-жылдын 14-майынан 18-майына чейин уюштурулуучу

«ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА ОШ ОБЛУСТАРЫНЫН ЭКОНОМИКАСЫНЫН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ӨНҮГҮҮСҮ КАНДАЙ? 

ЭКОНОМИКАГА ЖАНА ИШКЕРДИККЕ МАМЛЕКЕТТИН ТААСИРИ КАНДАЙ?»

ПРЕСС-САПАРЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

Өнүктүрүү саясат институту аймактык жана Бишкектин журналисттерин Ош жана Жалал-Абад облустарына боло турган пресс-сапарга катышууга чакырат. Пресс-тур Эл аралык жеке ишкерлер борбору (CIPE) колдоого алган “Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү” долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Пресс-сапардын жүрүшүндө экономиканын, ишкердиктин жана башкаруунун 10дой объектилери менен жеринде таанышуу камтылган: Токтогул ГЭСи, Өзгөн күрүчүн өндүрүү, пахта иштетүүчү ишканалар, Кара-Суу шарындагы бажы пункту жана базары, Аравандагы цемент заводу, Арстанбап жана башкалар.  

Пресс-сапар 2013-жылдын 14-майынан 18-майына чеийн өтөт, бирок Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан катыша турган журналисттер 13-майдын экинчи жарымында Бишкек шаарына келип, мейменканага жайгашуусу керек. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан катыша турган журналисттерге биз сапардын жүрүшү тууралуу маалыматты аныкталган соң беребиз.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Пресс-сапар Бишкектен Ошту карай тарапка “Мерседес-Спринтер” автобусунда, ал эми экинчи жагына самолет менен учуу аркылуу уюштурулат. Бул катышуучулар автоунаа жолдору менен 1000 чакырымдай аралыкты басып өтүшөт дегенди түшүндүрөт. Катышуучулар транспорт, жатакана, тамак-аш жана таркатылуучу материалдар менен камсыздалышат. Пресс-сапарга байланыштуу бардык чыгымдарды Өнүктүрүү саясат институту өз жоопкерчилигине алат. 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Пресс-сапардын ар бир катышуучусу сапардан кайтып келгенден тарта бир айдын аралыгында эң азы 2 аналитикалык материал даярдап, аны ММК басып чыгаруу / телеберүүдө же радио аркылуу жарыкка чыгаруу милдеттенмесин өз моюнуна алат.  

Сапарга алып баруу транспортунун орундарына байланыштуу катышуучулардын саны чектелген. 

Пресс-сапарга катышуу үчүн 3-май күнү саат 16га чейин табыштамаңызды / арыз-сурооңузду долбоордун менеджери Нургүл Жаманкуловага njamankulova@dpi.kg же 0555 313-385, 0770 771-711 номурлары же 0312 97-65-29 номуру аркылуу факс ирээтинде жиберүүңүз зарыл. Табыштамада / арыз-сурооңузда толук аты-жөнүңүз, иштеген жериңиз жана кызматыңыз, байланыш үчүн толук жеке маалымат жана кайтып келгенде эң азы эки аналитикалык материал чыгаруу милдеттенмесин ала тургандыгыңызды тастыктоо камтылышы керек. Катышуучулардын саны 2013-жылдын 6-майында түзүлөт жана ал тизмеге кирген журналисттер менен биз ошол эле күнү байланышабыз. Ошол себептен, сураныч, табыштамаңызда байланыш үчүн уюлдук телефонуңуздун номурун же электрондук дарегиңизди толук жана туура жазыңыз. 

Долбоор алкагында уюштурулган Талас облусуна болгон пресс-сапар боюнча отчет менен бул жерден тааныша аласыздар (орус жана англис тилдеринде): РУС      ENG

Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) – бул кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм; ал көп жылдардан бери мыйзам чыгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун, стратегиялык пландоонун, экономикалык өнүгүүнүн жана маалыматтык алмашуунун түрдүү чөйрөлөрүндө иш алып барып келүүдө. ӨСИнин багыттарынын бири – бул Кыргыз Республикасындагы маалымат чөйрөсүн кеңейтүүдөгү жетишкендиктерди андан ары улантуу жана экономикалык журналистиканы өнүктүрүү. Акыркы бир нече жылдары ӨСИ экономикалык журналистиканы өнүктүрүү багытында долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге, улуттук жана облустук ММК журналисттерине Кыргызстандын экономикасында болуп жаткан процесстерди жарандарга объективдүү жана туура жеткирүүсүнө жардам берүүгө аракет жасап келүүдө. 
 
Проект: