Балдар биздин келечегибиз!

29.03.2013 14:45
Артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча айыл жыйыны Ысык-Көл облусунун пилоттук аймактарында да болуп өттү.
Балдар  биздин келечегибиз!

Артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча айыл жыйыны Ысык-Көл облусунун пилоттук аймактарында да болуп өттү. Бостери айылдык аймагында мындай жыйын болуп өтүп, ага 155 адам катышып, алардын дээрлик 30 пайыздан ашыгын аялдар түздү – 56 адам; ошону менен бирге айылдык кеңештин 7 депутаты, айыл өкмөтүнүн 12 адиси жана Демилгечи топтордун 13 мүчөсү катышты.

Долбоордук сунуштар тартуулданган соң добуш берүү болуп өттү. Алардын натыйжасында аймак үчүн эң маанилүү деп табылган 3 долбоорго 136 адам өз добуштарын беришти. Берилген добуштарды санап чыгуу комиссиясынын маалыматына ылайык долбоорлор төмөндөгүдөй добуштарга ээ болду:

1-орунга 65 добуш менен “Балдар биздин келечегибиз” деген аталыштагы долбоор ээ болду. 38 адамдын колдоосуна ээ болгон “Ден соолук – ийгиликтин ачкычы” деп аталган долбоор экинчи орунга жана “Таза суу – ден соолук булагы” долбоору 33 добушка ээ болуп, үчүнчү орунга арзыды.

Проект: