Экономикалык журналистика студенттик доордон тарта: БГУдагы мастер-класстар

15.02.2013 13:04
2013-жылдын 15-февралында Бишкек гуманитардык университетинде журналистика факультетинин студенттери үчүн кезектеги мастер-класс өткөрүлдү.
Экономикалык журналистика студенттик доордон тарта: БГУдагы мастер-класстар

2013-жылдын 15-февралында Бишкек гуманитардык университетинде журналистика факультетинин студенттери үчүн кезектеги мастер-класс өткөрүлдү. Бул жолу окуулар практикалык көнүгүүлөргө жана тапшырмаларга арналды.

CIPE долбоорунун экономикалык журналистиканы өнүктүрүү боюнча башкы консультанты Лариса Ли экономикалык журналистикага арналган бет ачар даярдады: “Көп нерсе жөнүндө жазса болот, аны менен катар спорт, маданият жана саясат тууралуу. Бирок экономика тууралуу азганактай журналисттер гана жаза алат, анткени бул оор: факттарга анализ жүргүзгөндү, сандар менен иштегенди жана маалыматты окурмандарга аларды кызыктыра алгыдай жеткиргенди билиш керек”.

Бул семинарга көбүрөөк практиканы аралаштырууну пландаштырып, долбоордун адистери көнүгүүлөрдү жана тапшырмаларды даярдашты. Андан тышкары студенттер менен биргеликте өткөн семинарлардын темалары боюнча алардын иштерине анализ жасалды. Лариса ЛИ макала жазууда адатта кандай каталар пайда болоорун айтып берип, материал даярдоодо өзгөчө эмнеге көңүл буруу керектигин түшүндүрдү.

Мындан тышкары семинарда “Ачык Кыргызстан” интернет сайтынын шеф-редактору Насира БАРАТБАЕВА да сөз сүйлөдү. Ал өз ишиңе кылдааттык жана жоопкерчилик менен мамиле жасоо канчалык маанилүү болгонун белгилеп, ийгиликке жеткен кыргызстандык журналисттер тууралуу айтып берди: “Азыр үйрөнүп жаткандын баарынын келечекте жардамы сөзсүз тиет”. Ошондой эле ал журналисттерди экономикага, тагыраак айтканда, анализдөөгө, изилдөөгө жана тыянак чыгарууга үйрөтүү боюнча курстар өткөрүлгөн Коомдук саясат мектеби тууралуу баяндап берди.

Мастер-класстын соңунда мындан ары мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү үчүн студенттерге бул сабактарга баа берүү жана өз каалоо, сунуштарын киргизүү сунушталды.