Ченемдик укуктук акттар тууралуу

28.01.2013 13:32
Айылдык кеңештин ченемдик укуктук акттарынын (токтомунун) күчүнө кирүү жана аны ачыктоонун тартиби кандай?

 Айылдык кеңештин ченемдик укуктук акттарынын (токтомунун) күчүнө кирүү жана аны ачыктоонун тартиби кандай?


“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары тууралуу” КР Мыйзамынын 29-30-беренелерине ылайык, айылдык, шаардык кеңештердин ченемдик укуктук акттарын (токтомдорун) расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.


Мында башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, б.а., эгерде ченемдик укуктук актта ал жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет деп көрсөтүлбөсө. Бирок ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин сөзсүз түрдө күчүнө кирет.


Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.


Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.


Ошентип КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий жарыялоонун булактары тууралуу” №117 токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук акттары үчүн төм. расмий жарыялоо деп эсептелет:


1) тиешелүү басма сөз басылмаларда жарыялоо. Аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында өзгөчө көп таратылган басма сөз басылмаларынын ичинен өздөрү аныктайт;


2) органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыялоо.


Жарыялоонун экинчи түрү – ЖӨБ өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында – токтомго өзгөртүү түрүндө 2011-жылдын 5-сентябрында киргизилген. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында өзүнүн ченемдик укуктук акттарын (токтомдорун) кыргыз жана орус тилдеринде электрондук түрдө өздөрүнүн расмий веб-сайттарында да жарыялоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.