Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу

28.01.2013 11:10
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга ким укуктуу?

 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга ким укуктуу?


“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.


Мамлекеттик бийлик органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын бул укугу анын активдүү шайлоо укугу болуп эсептелет.


Мындан тышкары жогоруда белгиленгендей, КР жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн алар шайлоо өткөрүлүп жаткан жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуш керек, б.а., Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, тагыраак айтканда, тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында жашаганы анын өздүгүн тастыктаган документте каттоо-эсепке алуу органдарынын каттоо белгиси менен тастыкталыш керек.


Мында жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон КР жарандары тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) шайлоочуларынын тизмесине киргизилиш керек. Болбосо КР жараны жергиликтүү жамааттын мүчөсү болсо да, активдүү шайлоо укугуна ээ болсо да, шайлоо күнү добуш берүүгө катыша албайт.


Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган КР жарандары шайлоого укугу жок. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.


Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта (СИЗО, кармоо жайларында) кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

 

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына талапкерлер кандай талаптарга жооп бериш керек?


“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган, андан тышкары соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган КР жарандары жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укугу жок.
Мындан тышкары чет өлкөнүн жарандары жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укугу жок.

 

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кош жарандыгы бар (мисалы, Орусия Федерациясынын) Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылыгына өз талапкерлигин көрсөтүүгө укугу барбы?


КР Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүн көңүлгө алуу менен төмөнкүнү белгилеп коюу керек: Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.


Андан ары эгерде бул маселени деталдуу карай турган болсок, анда “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен төмөнкү учурларда башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат:


1) эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбесе;


2) эгерде мамлекеттер ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселеси боюнча мамлекеттер аралык макулдашуулар бар болсо.


Анткен менен бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет мамлекеттин кош жарандыгы маселеси жөнгө салынган эмес. Анткени Кыргыз Республикасы менен башка чет өлкөлүк мамлекеттер ортосунда кош жарандык маселеси боюнча эл аралык келишимдер жок.


Андыктан Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекеттин жарандыгын алса (чет өлкөнүн жарандыгын алуу жол-жобосу КР жарандыгынан баш тартуу менен коштолот), ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга укуктуу чет өлкөнүн жараны деп эсептелет.


Мындай учурда чет өлкөнүн жарандыгын алган жак активдүү жана пассивдүү шайлоо укугунан ажырайт, б.а., Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын шайлоого жана ага шайлануу укугунан ажырайт.