Башчынын кызматына талапкерлер тууралуу

28.01.2013 11:08
Соттуулугу тындырылган, же алынып салынган адамдын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер болуу укугу барбы?

 Соттуулугу тындырылган, же алынып салынган адамдын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер болуу укугу барбы?


- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 48-беренеси айыл өкмөт башчысына талапты так караштырган. Бул норманын акыркы өзгөртүлүшүнө (2012-жылдын 10-августунан, №164) ылайык, соттуулугу тындырылганына же алып салынганына карабастан кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.


Бул норма ошондой эле шаар мэрлерине жана райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына – акимге да тарайт.


Иштеп жаткан бул нормага ылайык, соттуулугу бар адамдар мэр, айыл өкмөт, же райондун акими боло албайт. Б.а., соттуулук тындырылганына же алынып салынганына карабастан субъект бул кызматка шайлануу укугуна ээ эмес. Бул чара жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына карата талапты жогорулатууга багытталган. Бул кызматты ээлей турган адамдын кадыры кынтыксыз болуш керек.