Айыл башчысы тууралуу

30.01.2013 10:48
Айылдык кеңеш айыл макамына ээ болбогон, өзүнчө жайгашкан калк конуштарда айыл башчысынын штаттык бирдигин киргизүүгө укугу барбы, же айыл башчысы кызматы айыл деген расмий макамга ээ болгон айылдарда гана киргизиле алабы?

Айылдык кеңеш айыл макамына ээ болбогон, өзүнчө жайгашкан калк конуштарда айыл башчысынын штаттык бирдигин киргизүүгө укугу барбы, же айыл башчысы кызматы айыл деген расмий макамга ээ болгон айылдарда гана киргизиле алабы?


“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 52-беренесинде каралгандай, айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет. Ал калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрү, калыптанган каада-салттар менен, айыл өкмөтүнүн чечими менен ага өткөрүлүп берилген иш-милдеттерди аткарат.


“КР административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” КР Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык, жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргыз Республикасынын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү калктуу конуш болуп саналат.


Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт. Шаардык калктуу конуштарга шаарлар (республикалык, облустук жана райондук маанидеги, шаар тибиндеги поселоктор), айылдыкка алардын администрациялык баш ийүүсүнө карабастан, айылдар кирет. Мындай кырдаалда ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.


Убактылуу маанидеги жана калкынын курамы туруктуу болбогон же кызматтык багыттагы объекттер болуп саналган, анча чоң эмес конуштар (токойчулардын үйлөрү, талаа стандары, метеостанциялар, жол оңдоочулардын үйлөрү, алыскы жайыттардагы чабан үйлөрү ж.у.с.), ошондой эле жалгыз үйлөр өз алдынча калктуу конуш болуп эсептелбейт жана чарбалык, администрациялык жана аймактык жактан байланышкан калктуу конуштардын эсебине киргизилет.


Ошентип, мыйзамдардагы жогоруда көрсөтүлгөн нормаларынын курамынан улам айыл башчысы өзүнө жайгашкан калктуу пункттарда – расмий макамга ээ болгон айылдарда, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү жол берген шартта, айыл кеңешинин чечими боюнча киргизилсе болот.


Ошону менен катар айыл башчысы тиги же бул калктуу конуштар менен чарбалык, административдик жана территориалдык мамилелер менен байланышкан өзүнчө жайгашкан кыштактарда, конуштарда, же поселоктордо киргизиле албайт.