Айыл өкмөт башчысынын отчету тууралуу

28.01.2013 10:45
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү элдик курултайларда өз ишинин натыйжалары тууралуу отчет береби?

Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү элдик курултайларда өз ишинин натыйжалары тууралуу отчет береби?

 

Буга чейинки “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамында (2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 КР Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон) републикалык, облустук маанидеги мэрлердин, райондук маанидеги шаар башчыларынын, поселоктун башчыларынын, айылдык округдун башчыларынын, ошондой эле райондун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы – акимдин ыйгарым укуктарына эки жылда бери дегенде бир жолу тиешелүү курултайда калк алдында өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу отчет берүү милдети кирген.


Жогоруда көрсөтүлгөн норма жаңы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын (2011-жылдын 15-июлу, №101) иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – акимдин ыйгарым укуктарынан алынып салынган.


Мындан ары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттардын курултайлары коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча эң маанилүү маселелерди чечүүгө калкты катыштыруу максатында өткөрүлөт. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетти түзүү, муниципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелерин алып чыкса болот.


Аны менен катар, бул норма (жергиликтүү жамааттын курултайы, 59-бер.) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын тиешелүү курултайда өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу калкты маалымдоону чектебейт. Бул өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишмердүүлүгүн калк алдында ачыктоого жол берет.


Ошону менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы курултайда калкты төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого укуктуу: тиешелүү аймактагы (шаардагы, айылдык аймактагы) иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын колдонулушу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларынын аткарылышы ж.б. Бул өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишмердүүлүгүндө айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздайт.


“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык, ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү укугу кепилденээрин, ал эми 20-берене жетекчилерден расмий маалыматтын кеңири тизмесин, анын ичинде иш тууралуу отчетту ачыктоону түздөн-түз талап кылаарын унутпаш керек.


Ошондон улам курултай – бул жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иши тууралуу маалымдоонун жакшы жолу жана мыйзамда отчеттук курултайды өткөрүү тууралуу талап түздөн-түз камтылбаганы менен мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек.