Тоң районунун Төрт-Күл айылы жаны тракторлуу болушту

23.01.2013 14:42
Жыл башында Ысык-Көл облсунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагынын тургундары жаңы тракторлуу болушту.
Тоң районунун Төрт-Күл айылы жаны тракторлуу болушту

Баракелде - Жыл башында Ысык-Көл облсунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагынын тургундары жаңы тракторлуу болушту. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу жана өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу аркылуу аталган айыл аймакка 2 млн 335 миң сомго «МТЗ-82» үлгүсүндөгү жаны трактор алынып келинди. Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы К.Арпачиевдин билдирүүсү боюнча, бул тракторду алууга Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу 1 млн 335 миң сом, өнүктүрүү саясат институту 1 млн сом өлчөмүндө колдоо көрсөткөн.