Микрокаржылоо боюнча мыйзамдык демилгелер: тартипке келтирүү жана жөнгө салуубу же катаалдаштыруубу?

26.12.2012 16:44
Жаңы мыйзам экономиканын бул секторунда тартипти камсыздай алабы, же бул чет өлкөлүк инвесторлорду коркутуп качыра турган жүйөсүз катаалдаштыруубу?
Микрокаржылоо боюнча мыйзамдык демилгелер: тартипке келтирүү жана жөнгө салуубу же катаалдаштыруубу?

26-декабрда Өнүктүрүү саясат институтунда ММК үчүн долбоорлордун Экономикалык журналистика мектебинин алкагында бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу темалардын бирине – КР Жогорку Кеңешинин микрокаржы базарына карата акыркы мыйзамдык демилгелери жана сунуштары боюнча пресс-сессия өттү.
Мыйзамдык акттардагы ушундай өзгөрүүлөрдөн жана толуктоолордон кандай кесепеттерди күтүүгө болот? Жаңы мыйзам экономиканын бул секторунда тартипти камсыздай алабы, же бул чет өлкөлүк инвесторлорду коркутуп качыра турган жүйөсүз катаалдаштыруубу? Бул маселе боюнча өз көз карашын КР Улуттук банкынын өкүлдөрү, ошондой эле «“Компаньон” Каржылык тобу» МКК ЖАК башкаруу төрагасы Улан Термечиков жана Кыргызстандын Микрокаржылык уюмдар ассоциациясынын директору Наргиза Жолдошева билдиришти.


КР УБ Тышкы көзөмөл башкармалыгынын алдыңкы инспектору насыя алуучулардын жана кредиторлордун пайдасына кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди. Айталы, мисалы, насыядан мөөнөтүнөн мурда кутулганы үчүн айып санкциялары жоюлду, насыя алуучулар кредиттөөнүн шарттары тууралуу толук көлөмдө маалыматка ээ болот (% ставкалары, мөөнөттөрү, айып санкциялары ж.б.). Ошондой эле микрокаржылык уюмдар үчүн насыя портфелинин нормативи киргизилди – уставдык капиталдык көлөмүнөн 6% ашуун эмес.


Улан Термечиков мыйзамдык акттардагы мүмкүн болгон түзөтүүлөргө карата өз турумун билдирди: “Кыргызстан – бул туңгуюктагы өлкө, биз деңизге чыга албайбыз. Андыктан экономиканы өнүктүрүү үчүн башка ыкмаларды колдонушубуз керек. Жаңы мыйзам долбоору микрокаржылык уюмдардын баа саясатына кийлигишүүнү караштырат. Ал эми бул болсо мамлекет микрокаржылоо өңдүү экономиканын мындай секторун өнүктүрүү үчүн көзгө көрүнөөрлүк жардам көрсөтпөгөндөн кийин бул өзүн актабайт”. Башка мамлекеттердин мисалында Улан Термечиков качан мамлекет микрокаржылык уюмдардын баа саясатына аралаша алаарын, ал эми качан ага негиз жоктугун чечмелеп берди. “Биздин кырдаалда ресурстар чет өлкөлүк инвесторлордон түшөт жана ушул эле инвесторлордун акчасы тиги же бул саясатчылардын кесирлигинен улам кооптуу абалда калышы мүмкүн”, - деди ал.


Ошондой эле «“Компаньон” Каржылык тобу» МКК ЖАК төрагасы микрокаржылык сектор 2005-жылдын март жана 2010-жылдын июнь окуяларынын шарттарында да иштегенин белгиледи. “Микрокаржылык уюмдардын башкы өзгөчөлүгү – алар жеринде кеңселерди ачуу менен калкка жакын болууга аракеттенишет. Ал эми банктар болсо “жардам керекпи – менин кеңсеме кел” принциби боюнча иш алып барышат”, - деди Термечиков.
“Каралып жаткан мыйзам – туура эмес мыйзам. КР УБ жана Микрокаржылык уюмдардын ассоциациясы бул мыйзам долбооруна каршы”, - дейт Наргиза Жолдошева.


Пресс-сессиянын соңунда журналисттер КР Улуттук банкы насыя алуучулардын кредит үчүн төлөгөн пайыздары насыянын баштапкы суммасынан бир нече эсе көбөйүп кеткенине, башкача айтканда жарандарды түздөн-түз алдоого кантип жол бергенине кызыгышты. Мындан тышкары журналисттер микрокаржылык уюмдардын санына карата чектөөлөр киргизилеби деген суроону узатышты.