КР Боршайкому мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо графигин бекитти

26.01.2013 16:41
Шайлоо 2013-жылдын 28-январынан 2-февралына чейин өтөт.

КР шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мэрлерди жана айыл өкмөт башчылары шайлоо графигин бекитти. Мэрлерди шайлоо 20 шаарда, ал эми айыл өкмөт башчыларын шайлоо 250 айылдык аймакта өтөт. Шайлоо 2013-жылдын 28-январынан 2-февралына чейин өтөт. Аларга 271 талапкер катышат.