Журналисттердин жана авторлор үчүн “Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” 2013 ММК үчүн УЛУТТУК СЫНАК!

25.01.2013 11:40
“Сорос-Кыргызстан” Фондунун, Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жана башка уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту бюджеттин айкындуулугуна жана өлкөнүн ресурстарын башкарууга арналган ММКда жарыяланган мыкты журналисттик ишке улуттук сынак жарыялайт.
 Журналисттердин жана авторлордун көңүлүнө!

“Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” 2013 ММК үчүн УЛУТТУК СЫНАК

Байге фонду 5 000ден 15 000 долларга чейин 

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун, Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жана башка уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту бюджеттин айкындуулугуна жана өлкөнүн ресурстарын башкарууга арналган ММКда жарыяланган мыкты журналисттик ишке улуттук сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасындагы бардык ММКда иштеген штаттагы жана штатта эмес авторлорго төмөнкү темаларга журналисттик иликтөөлөрдү жана аналитикалык материалдарды даярдоо сунушталат:

Сынакка катышып жаткан материалдардын баары 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында жарыяланыш керек. Кыргыз тилинде даярдалган материалдар үчүн атайын номинация каралган.

Материалдар 2013-жылдын 10-майына чейин саат 17:00дөн кеч эмес кабыл алынат.

Материалдарды автор жеке өзү, же почта менен төмөнкү даректер боюнча жибериш керек: 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 же электрондук почта NJamankulova@dpi.kg же ABuzurmankulova@dpi.kg 

Байге, баалоо критерийлери, сынактык комиссия тууралуу кенен маалыматты камтыган сынактын жобосун төмөнкү сайттардан таба аласыз: www.dpi.kg жана www.soros.kg

Толук окуу