Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагы муниципалдык жерлерди эсепке алуу боюнча жеңүүчү деп табылды

23.11.2012 13:18
Бул иш-чаранын натыйжалары боюнча аталган айыл өкмөтүнүн жер адиси Анарбай таласбаев Латвия өлкөсүнө тажрыйба алмашуу сапарына жолдомо алды.

Жалал-Абад, Кабар 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык аймагы муниципалдык жерлерди башкаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстандын түштүк облустарындагы 30 айыл амагынын ичинен биринчи орунду жеңип алып, жер адиси Анарбай Таласбаевге сыйлык катары Латвияга бир жумага тажрыйба алмашуу үчүн жолдомо берилди. 

«Ресурстарды эффективдүү пайдалануу аркылуу жаңжалдардын потенциалын төмөндөтүү максатында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун менеджери, Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Жылдыз Керимованын айтымында, жер адиси А.Таласбаевдин аракети менен Кеңеш айыл айманда 66 га курулуш жүрбөгөн, жаңы жер аянттары табылган.

“Ал эми Айыл өкмөтү муниципалдык жерлерди колдонуу жана башкаруу боюнча «Муниципалдык жерлерди башкаруунун 2012-2013-ж.ж. планын» иштеп чыкты. Кеңештин жакынкы сессиясында депутаттар планды карап чыгат жана Кенеш айылдын бардык муниципалдык жерлерин, анын ичинде жаңы 66 га болгон 26 участокту колдонуу тууралуу чечим кабыл алышмакчы”, - дейт айыл өкмөт башчысы Болотбек Базаркулов.

Анын айтымында, бардык муниципалдык жерлерди эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары менен мурда мамлекеттик каттоодон өтпөй эле, ишкердик жасап, кафелерди салып алгандар мамлекеттик каттоодон өтүшүп, жергиликтүү бюджетке салыкты төлөөнү мыйзамдаштырышат. “Бул айыл аймагынын бюджетин көтөрүүнүн негизги киреше булагы болуп саналат”, - дейт Кеңеш айыл өкмөт башчысы.