Ош шаарында түштүк облустарынын 30 айылдык аймагында муниципалдык жерлерди башкаруу боюнча форум өттү

29.11.2012 10:15
ЕККУнун бул долбоору үстүбүздөгү жылдын май айынан ноябрь айына чейинки аралыкта Кыргызстандын түштүгүндө ишке ашырылды.
Ош шаарында түштүк облустарынын 30 айылдык аймагында муниципалдык жерлерди башкаруу боюнча форум өттү

Ош шаарындагы Президенттин түштүк резиденциясында 27-28-ноябрь күндөрү «Ресурстарды эффективдүү пайдалануу аркылуу жаңжалдардын потенциалын төмөндөтүү максатында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун жыйынтыктоочу форуму өттү.

Эки күнгө созулган бул форумга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 30 айыл аймактарынын башчылары жана жер адистери, үч облустун 10 райондук мамлекеттик каттоо органдарынын жетекчилери, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департментинин, КР өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышышты.

Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү, долбоордун менеджери Жылдыз Керимованын айтымында, аталган долбоордун максаты - ресурстарды эффективдүү башкарууну жогорулатуу жана муниципалдык жерлерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү.

Анын айтымына караганда, бир топ тоскоолдуктарга карабастан, жыйынтыгында эсепчилер баардык 30 пилоттук айыл аймагынын ичинен жалаң эле 9 айылда бош жаткан ээн участокторду таап чыгышып жана аныкташкан. “Бул долбоордун жалпы натыйжалары көрсөткондой 3 облустагы жаңы табылган курулуш жок бош жерлердин аянты 92 гектар болду. Мындан тышкары, 136 га “артыкбаш” муниципалдык жерлер Жалал-Абад облусунда табылды. Жалпы 3 облустагы табылган бош муниципалдык жерлер 228 га. болду”, - деди өнүктүрүү саясат институтунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперти Гуляим Шамшидинова.

“Ошондой эле, Парламенттик угуулар, муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо иштери, 3 айылдык аймакта коомдук угуулар боюнча тренингтер, коомдук угуулар уюштурулду. Мындан сырткары, ноябрь айында пилоттук муниципалитеттер үчүн долбоордун алкагында өлкө ичинде тажрыйба алмашуу сапары уюштурулган», - дейт Ж.Керимова.

Аталган форум Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланып, долбоорду ишке ашырган уюмдар - Өнүктүрүү саясат институту, Укук жана бизнести өнүктүрүү фонду, ЛАРК Кадамжай фонду тарабынан бирге өткөрүлгөн. ЕККУнун бул долбоору үстүбүздөгү жылдын май айынан ноябрь айына чейинки аралыкта Кыргызстандын түштүгүндө ишке ашырылды.