Кеңеш АӨ муниципалдык жерлерди башкаруу темасында коомдук угуу өткөрөт

09.11.2012 13:11
Кеңеш АӨ түштүктөгү үч облустун 30 пилоттук элеттик муниципалитетинин катарында айылдык аймактын муниципалдык жерлерин эсепке алууну жана инвентаризациялоону өткөрүп, бул долбоордун эң мыкты натыйжасын көрсөттү.

2012-жылдын 9-ноябрында саат 13:00дөн – 15:00гө чейин Кеңеш айылдык аймагынын Абдраимов айылындагы (Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району) И.Капарбек атындагы №12 орто мектептин жыйындар залында Кенеш айыл өкмөт (АӨ) “Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу” боюнча коомдук угуу өткөрөт. Анда айылдын ар бир тургуну өз көз карашын билдирип, сунушун бере алат.

Иш-чаранын программасына төмөнкүлөр кирет:

  1. Кенеш айыл округу боюнча муниципалдык жерлерди эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары берилет.
  2. Кенеш айылдык округунун муниципалдык жерлерин башкаруу Планынын долбоору талкууланат.

Кеңеш АӨ түштүктөгү үч облустун 30 пилоттук элеттик муниципалитетинин катарында айылдык аймактын муниципалдык жерлерин эсепке алууну жана инвентаризациялоону өткөрүп, бул долбоордун эң мыкты натыйжасын көрсөттү: Кеңеш АА жалпы аянты 59 гектар болгон 26 жаңы, ээн, курулуш жүрбөгөн жер участокторун таап чыкты.

Аталган жумуштар ЕККУ (Европадагы коопсуздук жана келишим уюму) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институтунун жардамы менен ишке ашкан «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын потенциалын төмөндөтүү максатында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун максаты: Ресурстарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана муниципалдык жерлерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү. 

Мындан сырткары, долбоор мүмкүн болушунча пайда алып чыгуу үчүн күнүмдүк практикада жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу жаатында билим берүү, муну менен жаңжал ыктымалдуулугун азайтуу максатын көздөйт.

2012-жылдын май айынан бери Кенеш АӨ 5 айдын ичинде бир катар иш-чараларды өткөрдү: 

Коомдук угууда талкуулана турган экинчи маселе муниципалдык жерлерди башкаруу Планынын долбоору болмокчу. План Кенеш айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жерлерин рационалдуу колдонуу боюнча негизги документ деп эсептелет. Ал муниципалдык жерлерди активдүү башкаруу жана практикадан жер мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, айылдын экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана айылдын экономикасына жеке инвестицияларды тартуу, жерге укукту берүүдө Пландын башка максаттарына жетүүдө олуттуу жаңжалдарды жаратпастан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алуу максатын көздөйт.

Кенеш АӨ окшош көйгөйлөрдү чечүүдө өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр жана кошуна муниципалитеттердин АӨ башчыларын байкоочу катары жана тажрыйба менен таанышып кетүү үчүн чакырат. Мындан тышкары иш-чарага Жалал-Абад жана Ош облусунун ушул эле долбоордо иштеген 22 пилоттук элеттик муниципалитетинин АӨ башчылары жана жер адистери, ошондой эле Жалал-Абад райондук мамлекеттик администрациянын жетекчиси башындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү каттоо органынын ККМУКД (Мамкаттоо) жетекчиси чакырылат.