Долбоордон аткарылган иштер

28.11.2012 13:05
Эки жыл ичинде жүзөгө ашырылган иштердеги болгон жетишкендиктер, орун алган кемчиликтер туурасында 27-28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк резиденциясында болуп өткөн улуттук форумда кеңири сөз болду.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланган айыл чарба багытындагы жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу тескөөгө алуу аркылуу жаңжалдарды ырбатпоо максатында Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу долбоорунун иш жыйынтыгы чыгарылды.

Эки жыл ичинде жүзөгө ашырылган иштердеги болгон жетишкендиктер, орун алган кемчиликтер туурасында 27-28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк резиденциясында болуп өткөн улуттук форумда кеңири сөз болду. Форум аталган долбоорду ишке ашырган уюмдар - Өнүктүрүү саясат институту, Укукту жана бизнести өнүктүрүү фонду, “Ларк - Кадамжай” фонду тарабынан биргеликте өткөрүлдү.

Эки күнгө созулган Форумга үч облсуттун 30 пилоттук ААларынын башчылары, жер адистери, үч облусттун 10 райондук жергиликтүү каттоо органдарынын (Мамкаттоо) башчылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин өкүлдөрү катышып тажрыйба алмашып, тиешелүү тараптарга сунуштарды жолдоого жетишишти. 

Иш-чарада катышуучулар долбоор чегиндеги иш натыйжасында табылган жерлердин балансы, мамкаттоо ишканасы менен ААлардын ортсундагы өз ара иш алып баруудагы түшүнбөстүктөр боюнча кызуу талкуу жүргүзүшүп, соңунда жергиликтүү бюджетке каражаттарды издеп, таап, анын барган сайын көбөйтүү менен ошол жерлердеги социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу аркылуу жер талаштарына, талаштан соң чыгып кетүүчү ар кандай чыр-чатак, жаңжалдардын алдын алууда бул долбоор кыйла жардам болгонун белгилеп кетишти.

Тектеш макалалар

  1. Кара-Бак айыл өкмөтү “Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу” темасын талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөрөт
  2. Кеңеш АӨ муниципалдык жерлерди башкаруу темасында коомдук угуу өткөрөт