Акча, алыста эмес, жакын жерде

13.11.2012 18:23
Жалал-Абад облусу боюнча «артыкбаш» муниципалдык жерлер 135 гектарды түзгөн.

Жалал-Абад облусу боюнча «артыкбаш» муниципалдык жерлер 135 гектарды түзгөн. Бул тууралуу жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү максатында Жалал-Абад шаарында 13-ноябрда Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлгөн пресс-сессияда айтылды.

2012-жылга «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдарды төмөндөтүү максатында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун чегинде тандалып алынган 30 пилоттук айыл аймакта (АА) ишке ашырылган «Муниципалдык менчикте турган жерлер боюнча иш алып баруу» долбоорунун натыйжасы тууралуу долбоор менеджери Жылдыз Керимованын маалымдады.

Долбоордун жалпы натыйжалары көрсөткөндөй, үч облуста муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгында жаңы табылган, курулушу жок, бош жаткан жерлердин жалпы аянты 93 гектарга, муниципалдык менчикке тиешелүү делип бош жаткан жерлердин жалпы аянты 228 гектарга барабар болгон.

Долбоор алкагында иш алып барган ААлардын жер адистери, Мамкаттоо кызметкерлери менен биргеликте 5 айдын ичинде пилоттук 30 ААнын карамагындагы көчөлөрүн, бурч-бурчтарын, короолорун ж.б. кыдырып чыгып, бош жаткан жерлерди териштирип, ченеп, өлчөгөн талаа жумуштарын аткарышып, анын натыйжасында айыл аймактарынын картасы түзүлүп, муниципалдык менчик, жаңыдан табылган, бош, курулуш курулбаган, артыкбаш (короо жанындагы участоктор) жерлердин реестри түзүлгөн.

30 ААнын ичинен ишти аягына чыгарып айырмаланган Базар-Коргон районунун Кеңеш, Ноокен районунун Ноокен, Сакалды, ал эми Баткен районунун Кара-Бак ААнын жетекчилери, жер адистери аткарылган иштер тууралуу, бирок ошол учурда, орун алган көйгөлөр катары - ишти баштоодо зарыл материалдарды алууга кыйла убакыт кеткенин, жергиликтүү тургундардын маселени түшүнбөгөндүктөрүн жана нааразычылыгын буга, болгондо да, кооптонуу менен карашканын, айыл кеңеш депутаттарынын далай ирет тоскоол болгонун таржымал этишти.

Кыйынчылык болгону менен, кыйла иштерди жүзөгө ашырууда, бара-бара эл арасында ой-пикир оң жагына өзгөрүлүп, атап айтканда, алар жогоруда табылган жерлердин ээси АА башчылары, депутаттар, жер адистери эмес, ошол жердин тургундары - өздөрү экени түшүнүгү пайда болгонун жана аларды мындан ары максаттуу пайдаланууда жамааттын жалпы масилети менен ижарага берүү, аукцион аркылуу сатуу, стратегиялык максатта социлдык объекттерди куруу ж.б. боюнча конкреттүү сунуштарды айта алышканын, менчикти пайдалануу, бюджет боюнча коомдук угууларга катышууга ынтызар болуп жаткандыктарын иш ийгили катары белгилеп кетишти.

Ал эми долбоордун эксперти Гулайым Шамшидинова долбоор астында пайда алып чыгуу үчүн күн сайын аткарылып жаткан иштерде жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланып андан жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү, ачык айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү максаты тууралуу, ушунун өзү менен жеригиликтүү мааниге ээ болгон кыйла социалдык, чекаралык, стратегиялык маселелерди чечип алуу ыңгайы келип турганын далай ирет айтып - деп, окутуу, түшүндүрүү иштерин арбын жүргүзсөк дагы, бир топ пилоттук ААлар буга анчейин маани бере алышпай, көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишкени да кейиштүү,- деди.

Пресс-сессия жүрүшүндө журналисттердин акчаны табуу айласы чечилип жатыптыр, эми ошол акчалар канчалык максаттуу пайдаланылар экен,- деп кызыгуу менен узаткан суроолоруна долбоордун алкагында аткарылган иштер ачык-айкын иштөөгө кандайдыр бир денгээлде шарт түзгөнүн долбоор эксперттери дагы, АА жетекчилери дагы бир пикирде жооп беришти.

Ошентип ушул аймактардагы билип-билбей ээленип калган же айрымдар кызмат абалынан кыянат пайдаланып, бир сом салык төлөбөй иштетип жүргөн жерлердин дареги, алардан түшө турган төлөмү такталып, тиешелүү аракеттер жүрүп жатканын, айтор, карапайым тургундан тартып жетекчиге чейин «көрсө, иш бул жакта экен да» же жергиликтүү бюджетти бекемдөө үчүн акчаны алыстан күтүп отура бербей, өз тегерек-четти карап иштесе болоруна көздөрү жетип, ийге келе башташканы маалым болду.