Кара-Бак айыл өкмөтү “Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу” темасын талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөрөт

06.11.2012 09:30
Коомдук угуу ЕККУ каржылаган муниципалдык жерерди башкаруу багытындагы долбоордун техникалык колдоосу менен өткөрүлөт.

Иш-чара 2012-жылдын 6-ноябрында саат 13:00дөн – 15:00гө чейин Кара-Бак айылдык аймагынын Кызыл-Бел айылында (Баткен району, Баткен облусу) Турмаматов атындагы орто мектептин жыйындар залында өтөт. Анда айылдын ар бир тургуну өз көз карашын билдирип, сунушун бере алат.  

Иш-чаранын программасына төмөнкүлөр кирет:

  1. Кара-Бак айыл аймагы боюнча муниципалдык жерлерди эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары берилет.
  2. Кара-Бак айылдык аймагынын муниципалдык жерлерин башкаруу Планынын долбоору талкууланат.

Өлкөбүздүн үч облусундагы 30 пилоттук элеттик муниципалитеттин катарында Кара-Бак АӨ да айылдык аймактын муниципалдык жерлерин эсепке алып, инвентаризациялоо жүргүздү. Анын натыйжасында жалпы аянты 11264 м2 (1,1га) болгон 5 жаңы, ээн, курулуш жүрбөгөн жер участокторун тапты. Аталган жумуштар ЕККУ (Европадагы коопсуздук жана келишим уюму) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институтунун жардамы менен ишке ашкан «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын потенциалын төмөндөтүү максатында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Долбоордун максаты: Ресурстарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана муниципалдык жерлерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү.

Мынддан сырткары, долбоор мүмкүн болушунча пайда алып чыгуу үчүн күнүмдүк практикада жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу жаатында билим берүү, муну менен жаңжал ыктымалдуулугун азайтуу максатын көздөйт.

2012-жылдын май айынан бери Кара-Бак АӨ 5 айдын ичинде бир катар иш-чараларды өткөрдү: 

Коомдук угууда талкуулана турган экинчи маселе муниципалдык жерлерди башкаруу Планынын долбоору болмокчу. План Кара-Бак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жерлерин рационалдуу колдонуу боюнча негизги документ деп эсептелет. Ал муниципалдык жерлерди активдүү башкаруу жана практикадан жер мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, айылдын экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана айылдын экономикасына жеке инвестицияларды тартуу, жерге укукту берүүдө Пландын башка максаттарына жетүүдө олуттуу жаңжалдарды жаратпастан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алуу максатын көздөйт.

Кара-Бак АӨ окшош көйгөйлөрдү чечүүдө өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр жана кошуна муниципалитеттердин АӨ башчыларын байкоочу катары жана тажрыйба менен таанышып кетүү үчүн чакырат. Мындан тышкары иш-чарага Баткен облусунун ушул эле долбоордо иштеген 6 пилоттук элеттик муниципалитетинин АӨ башчылары жана жер адистери, ошондой эле Баткен райондук мамлекеттик администрациянын жетекчиси башындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү каттоо органынын ККМУКД (Мамкаттоо) жетекчиси чакырылат.

Кара-Бак АӨ жетекчилиги коомдук угуулардын жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу коомчулукту кеңири маалымдоо, муну менен АА калкын ишенимдүү булактардын мүмкүн болушунча тең салмактуу жана оперативдүү маалыматы менен камсыздоо үчүн ММКнын бардык өкүлдөрүн бул иш-чарага катышууга чакырат!

Бардык суроолор боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун ЖӨБ боюнча кеңешчилери Жылдыз Керимовага (0555 432660) жана Гүлайым Шамшидиновага (0770 771130) кайрылыңыздар.