Айылдык аймактар: тажрыйба алмашуунун эффективдүү жолу – өз көзү менен көрүү

26.09.2012 07:12
Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын пилоттук айылдык аймактарынын отуздай өкүлү Чүй облусундагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен жеринде таанышып үйрөнүп кетүү максатында иш сапары менен келишмекчи.

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын пилоттук айылдык аймактарынын отуздай өкүлү Чүй облусундагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен жеринде таанышып үйрөнүп кетүү максатында иш сапары менен келишмекчи. Ивановка жана Логвиненко айылдык аймактарынын адистери калк менен маалымат алмашуу, жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү жана муниципалдык менчикти, анын ичинде, муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо маселелери чөйрөсүндөгү өз жетишкендиктери тууралуу конокторго айтып беришет. Мындан сырткары, эки күн аралыгында тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары бир катар социалдык жана коммерциялык объектилерге барып таанышмакчы. Жергиликтүү өз аллдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен уюштурулган бул тажрыйба алмашуу сапары 2012-жылдын 26-27-сентябрында болуп өтөт.

Иш сапардын катышуучулары ЖӨБ органдарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана калк менен маалымат алмашуу багытындагы нормативдик иш кагаздары менен таанышып, муниципалдык менчиктин реестри кантип түзүлгөндүгүн жана маалымдана тургандыгы тууралуу үйрөнүшөт; жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелрди кароодо жана чечүүдө, жана анын натыйжасында муниципалитеттин жалпы турмуш-жашоосуна кандай таасир тийгизе тургандыгы жөнүндө маалымат алышмакчы.  

«ЖӨБ органдары Европадагы алда канча өнүккөн өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнгөнү бир сөз. Бирок адамдар өзүнүн эле өлкөсүндө дал өздөрүнүкүнө окшош шарттарда жашап жана иштеп жаткан кесиптештеринин иш тажрыйбасын көрүп таанышканы, андан бир нерсени үйрөнгөнү таптакыр башка нерсе. Биздин акыркы максатыбыз – бул тажрыйба алмашуу сапарына катышып жаткан айылдык муниципалитеттердин өкүлдөрү өз аймактарына кайтып барышканда, бул жактан көрүп үйрөнгөн нерселерди жеринде ишке ашырып, өз айылдаштарына пайда алып келе турганында» - дейт Долбоордун ЖӨБ органдары менен иш алып баруу боюнча адиси Гүляим Шамшидинова. «Тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөргө да иш сапарлары уюштурулуп калат, бирок акыркы жылдарда өз өлкөңдө окшош шарттарда жашап жана окшош маселелерди чечип жаткан кесиптештериңдин тажрыйбасынан баалуу нерсе жок экендиги айкын көрүнүп жата».

Бул иш сапар «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда.
 

Проект: