ЭҮЖӨБОЖ долбоору Ысык-Көл облусунда биринчи иш чараларын өткөрдү

06.08.2012 15:43
Биринчи иш чаралар эки күндүк окууну уюштуруу жана өткөрүү менен башталды.

«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунан тандалып алынган жаңы пилоттук айылдык аймактарда «Жергиликтүү маанидеги маселелрди чечүүдө жарандардын катышуусунун модели» деген аталыштагы эки күндүк окуусу болуп өттү. Аталган окууда жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн адистери жана жергиликтүү коомчулуктун лидерлери катышты. Жалпысынан окууларда 158 адам катышты:

Окуунун биринчи күнү теорияга арналып, экинчи күнү алынган билимди иш жүзүндө пайдаланып көрүүнүн үстүнөн иш алып баруу болду. Катышуучулар берилген түрдүү ыкмаларды пайдалануу аркылуу айыл муктаждыктарын аныктоо боюнча иш алып барышты: 

Бул тапшырманы аткарууда эки айыл муниципалитетинин өкүлдөрү активдүү катышты: Улахол АА - 80 адам жана Тогуз-Торо АА - 79 адам. Калган аймактар орточо көрсөткүчкө ээ болушту: Ак-Чий АА - 38, Липен АА - 39, Бостери АА - 40, жана Арал АА - 49 адам.

Проект: