ӨСИ жаштарды колдоо долбоорун жыйынтыктады

15.08.2012 18:15
Долбоорду жыйынтыктоого арналган иш-чара 15-август күнү болуп өттү.

Жергиликтүү деңгээлде маселелерди чечүүдө жаштардын аткарган ролу жана аны күчөтүүгө көмөктөшүүгө багытталган долбоордун кыйынчылыктары жана жетишкен жактарын карап талкуулоого арналган тегерек стол 2012-жылдын 15-августунда Бишкек шаарында болуп өттү. 

Аталган иш-чарада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштар уюмдарынын жаан демилгелеринин, эл аралык донордук жана жергиликтүү жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын астында долбоордун экинчи баскычын ишке ашырууда катышкан жаштардын демилгелүү топторунун өкүлдөрү чыгып, ишке ашырган өз иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Тегерек столдун жүрүшүндө доллбоордун катышуучулары жана ишке ашыруучулары долбоорду ишке ашыруу механизми жана ыкмалары жөнүндө бөлүшүштү. Тактап айтканда, жер-жерлерде болуп өткөн акциялар, демилгелер жана иш-аркеттер, жана ошону менен бирге өлкөдөгө жалпы жаштардын көйгөйлөрү, аларды колдоо жана өнүктүрүү жолдору тууралуу ой лор жана пикирлер айтылды.   

Жергиликтүү деңгээлде маселелерди чечүүдө жаштардын ролу жана аны күчөтүүгө көмөктөшүүгө багытталган долбоор "Сорос-Кыргызстан" Фондунун Жаштар программасынын колдоосун тапкан. Долбоор 2 баскычта ишке ашырылган: сентябрь - декабрь 2011-ж. жана апрель - июль 2012-ж. Долбоордун экинчи баскычынын жүрүшүндө, биринчи баскычындагыдай эле, Ош жана Ысык-Көл облустарынын жаштар уюмдары жана демилгелеринин арасында сынак жарыяланган. Жалпысынан сынакка 8 табыштама түшүп, анын бешөө свынак комиссиясы тарабынан колдоого ээ болуп, жер-жерлерде ишке ашырылган: