Президент “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

14.08.2012 18:45
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
2009-жылдын 30-мартында “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, анда кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү келишиминин болушу тууралуу талап алынып салынган. Ошондуктан кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган келишимдерди нотариалдык күбөлөндүрүүсүз эле каттап келген.
“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамда мамлекеттик каттоочулардын укуктары менен милдеттери мыйзам түрүндө аныкталган. Тактап айтканда, бүтүмгө катышып жаткан ар бир жактын инсандыгын, анын колтагасынын аныктыгын текшерүү, бүтүмгө катышып жаткан жарандардын жоопкерчиликке жарамдуулугун жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укукка жөндөмдүүлүгүн, бүтүмдү ишке ашырып жатканда жактардын чыныгы эркин аныктоо, жактардын укуктарын жана милдеттерин, кабыл алган милдеттенмелерин жакшы аткарбагандыгы үчүн алардын жоопкерчилигин түшүндүрүү, милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимди, ээликтен ажыратуу тууралуу келишимдерин түзүү боюнча бүтүмдүн кесепеттери жөнүндө эскертүү.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен каттоого алынган укуктар тууралуу маалыматтар Интернет тармагы аркылуу кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (КБМС) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабына аныкталган тартипте берилиши мүмкүн.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.