ЭҮЖӨБОЖ долбоору өз иш аракеттерин Жалал-Абад облусунда улантууда

13.08.2012 12:56
2012-жылдын 14-августунан 22-августуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунан тандалып алынган пилоттук 8 айылдык аймактын жетөөсүндө атайын окуу өткөрмөкчү.

2012-жылдын 14-августунан 22-августуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунан тандалып алынган пилоттук 8 айылдык аймактын жетөөсүндө “Жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесске жарандык катышуунун модели” деген аталыштагы атайын окуу өткөрмөкчү. Сегиз пилоттук аймактын бирөөсүндө – Тогуз-Торо АА – аталган окуу август айынын башында болуп өткөн. Бул окуулар айылдык аймактын өкүлдөрүнө жамаат жана Долбоор менен байланышты күчөтүүгө жана гранттык сынакка катышууда мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жардам берет деп күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: “Жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесске жарандык катышуунун модели” окуусунун графиги:
1. Багыш АА, Сузак району - 14-15-август
2. Сакалды АА, Ноокен району - 14-15-август
3. Жаңы-Жол АА, Аксы району - 14-15-август
4. Көк-Ташй АА, Ала-Бука району - 17-18-август
5. Бешик-Жон АА, Базар-Коргон району - 17-18-август
6. Бел-Алды АА, Токтогул району - 17-18-август
7. Сумсар АА, Чаткал району - 20-21-август


Урматтуу Жалал-Абад облусунун массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү!

Эгер сиздер жогоруда аталган окууга катышып, долбоордун аталган айылдык аймактардагы пландалган иш аракеттери тууралуу кененирээк маалымат алууну кааласаңыздар, төмөндө берилген уюлдук телефондор аркылуу “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун азыркы убакта окууну өткөрүп жаткан кеңешчилери менен байланышсаңыздар болот:

  1. Айнура Балакунова, 0770 77-11-62

2. Султан Майрамбеков, 0770 77-11-10

3. Анара Мусаева, 0770 77-11-31

 

Тектеш материалдар:

1. Жалал-Абаддагы 8 айыл аймагы эл аралык уюмдардын сынагын жеңип алды

2. “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында иштөө үчүн Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук айылдык аймактарды тандоо боюнча сынактын жыйынтыктары

 

Проект: