Айкындуу бюджет үчүн

27.07.2012 12:38
Бул багытта республикалык деңгээлде ишке ашырылган “Бюджет темаларын массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу” долбоору өз ишин жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасындагы маалымат айкындуулугун жана отчеттуулугу боюнча маселелер темасындагы долбоор жыйынтыкталды. Аталган долбоор Өнүктүрүү саясаты институту, Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубу жана “Айкындуу бюджет үчүн” Альянсы курамына кирген консорциумдун алкагында Борбордук Азия Университети тарабынан ишке ашырылды. Долбоор алкагында өлкө аймактарында бир катар тренингдер уюштурулуп, бюджеттик процесстин өзгөчөлүктөрү жаатында өз билимдерин жакшыртуу менен бирге бюджеттик маалыматтарды талдоодогу өз жөндөмдөрүн арттырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Атап айтканда, май айынын аягында “Бюджет темаларын массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу” долбоорунун негизинде “Энергетиканын караңгы жана жарык тараптары”, “Салыктар тууралуу эмнени билебиз” темаларындагы тренинг уюштурулган. Анда түштүк аймагынын журналисттери катышышкан. Андан сырткары отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү да катышып, журналисттер өздөрүнүн суроолоруна жооп алышкан.

Ал эми июль айынын аягында борбор калаабызда Борбордук Азия Университетинин имаратында бул ири долбоордун жыйынтыктоочу аземи уюштурулуп өттү. Анда Борбордук Азия Университетинин Генералдык директору Богдан Кравченко, Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубунун өкүлдөрү, гезит-журналдардын редакторлору, радио-телевидения журналисттери катышышты. Долбоордун жүрүшүндө журналисттердин жазган макала, сюжеттери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жана жалпысынан алганда Кыргызстандын бюджетинин айкындуулугуна баа берилди. Ошондой эле долбоордун негизинде даярдалган материалдар менен бюджеттик терминдердин котормосу иштелип чыккан китептер берилди. Башкысы, калктын калың катмарына республикалык жана жергиликтүү бюджеттин түзүмүнүн айкындуулугун жана анын кантип иштөө механизмин элге жеткиликтүү түшүндүрмө берүүдө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу чоң экендиги айгинеленди. Мындай концорциум, окутуу-тренингдер көмүскөдө калган бюджет маселелерин ачыкка чыгарууга жана анын айкындуулугун иликтөөдө, тактоодо журналисттерге туура багыт берүү менен кошо өлкөбүздүн булуң бурчунан түрдүү тармактагы журналисттер арасында тажрыйба алмашууга жакшы өбөлгө жаратты.