ЖӨБ өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү

30.07.2012 16:42
Буйрукка ылайык, 8 адамдан турган жумушчу топтун мүчөлөрү 12-сентябрга чейин стратегия долбоорун иштеп чыгышы керек.

2012-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЖТ мүчөлөрү учурда иштеп жаткан ЖӨБ системасын карап чыгышты жана талкууга алышты. Мындан сырткары, бул багытта жакынкы аралык ичинде жасалууга тийиш болгон болжолдуу иш аракеттерди да тизмелешти. Тагыраак айтканда, 3 адисти жумушка тартуу менен бирге, ЖӨБ чөйрөсүндө реформалардын негизги багыттарын (Стратегиянын бөлүмдөрү) иштеп чыгуу боюнча көчмө жыйын өткөрүү макулдашылды. 

3-августта боло турган кезектеги жыйында төмөнкү суроолор каралуусу күтүлүүдө: 

Маалымат үчүн: Сегиз адамдан турган жумушчу топ КР Премьер-министринин 2012-жылдын 16-июлундагы №554-буйругунун негизинде түзүлгөн. Аталган буйруктун негизги максаты: учурда иштеп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына талдоо жүргүзүү, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясын 2012-жылдын 12-сентябрына чеииштеп чыгуу 

Тектеш жаңылыктар:

Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлдү.