ЖӨБ өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлдү

16.07.2012 17:42
Курамы сегиз адамдан турган бул жумушчу топ 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта аталган Стратегиянын долбоорун иштеп чыгышы керек.

Бишкек шаары
2012-жылдын 16-июлу N 554

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

 

Иштеп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына талдоо жүргүзүү, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу максатында:

  1. Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
  2. Жумушчу топ 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизсин.
  3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрүн ишке тартууга уруксат берилсин.
  4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                             Ө.Бабанов


Тиркеме

  Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун
иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ

Жумушчу топтун мүчөлөрү: