ЭҮЖӨБОЖ долбоору өз иш аракеттерин Ысык-Көл облусунун пилоттук айылдык аймактарынан баштады

30.07.2012 09:37
2012-жылдын 31-июлунан 4-августуна чейинки аралыкта Ысык-Көл облусунун 5 районуан тандалып алынган пилоттук беш айылдык аймакта атайын окуу өткөрмөкчү.

2012-жылдын 31-июлунан 4-августуна чейинки аралыкта Ысык-Көл облусунун 5 районуан тандалып алынган пилоттук беш айылдык аймакта “Жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесске жарандык катышуунун модели” деген аталыштагы атайын окуу өткөрмөкчү.

Бул окуулар айылдык аймактын өкүлдөрүнө жамаат жана Долбоор менен байланышты күчөтүүгө жана гранттык сынакка катышууда мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жардам берет деп күтүлүүдө.
Окуунун жүрүшүндө катышуучуларга долбоордун адистери АӨ кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл лидерлери жана башка кызыкдар тараптарга ЭКБА механизми, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жолдору, аныкталган көйгөлөр менен иш алып баруу жана алардын соңунда отчет түзүү тууралуу түшүнүк берип, аларды иш жүзүндөгү тажрыйбалардын мисалдарында айтып беришмекчи.
Маалымат үчүн: “Жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесске жарандык катышуунун модели” окуусунун Ысык-Көл облусундагы графиги:

  1. Ак-Чий АА, Ак-Суу району – 31.07 – 01.08
  2. Бостери АА, Ысык-Көл району – 03-04.08
  3. Липен АА, Жети-Өгүз району – 31.07 – 01.08
  4. Арал АА, Түп району – 03-04.08
  5. Улахол АА, Тоң району – 31.07 – 01.08 
Проект: