Кыргызстандын айылдык округдарында бюджет боюнча коомдук угуулар башталды

28.05.2011 00:00
2011 жылдын 19 майынан 10 июнга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын аймагында 14 сынамык айылдык округдун жергиликтүү жашоочуларынын катышуусунда, бюджет боюнча коомдук угуулар өткөрүлмөкчү.

2011 жылдын 19 майынан 10 июнга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын аймагында 14 сынамык айылдык округдун жергиликтүү жашоочуларынын катышуусунда, бюджет боюнча коомдук угуулар өткөрүлмөкчү.

Аталган коомдук угуулар «Кыргызстан - Сорос» Фонду тарабынан каржыланып, «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» менен Өнүктүрүү саясат институтунун кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун чегинде өткөрүлүүдө.

Коомдук угууларды өткөрүүдөгү эң негизги максат – жергиликтүү калкты талкууга тартып, аны менен бирге 2012 жылга түзүлгөн бюджет долбоорун калктын каалоо-тилектерин эске алып, жергиликтүү бюджетти максималдуу түрдө ачык-айкын кылуу болуп эсептелет. Аталган угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө, долбоордун алкагында коомдук угууларды өткөрүү технологиясы боюнча окуудан өткөн сынамык айылдык округдардын өкүлдөрү көмөктөшөт. 

Бюджет боюнча коомдук угуулардын жүрүшүндө сынамык айылдык округдардын жашоочулары ЖӨБ органдары менен, бюджет долбооруна киргизиле турган өз приоритеттери тууралуу маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул маалымат кампаниянын өзгөчөлүгү – бардык айылдык муниципалитеттерде өткөрүлүүчү коомдук угууларга коңшулаш жайгашкан айылардын өкүлдөрү келип катыша тургандыгында. Угуулардан кийин муниципалитеттер бюджетти түзүүдө жарандардын эң мыкты катышкандыгы боюнча сынакка катышмакчы. 

Аталган коомдук угууларда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алышат.

Долбоорду аткаруучулар– «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» менен Өнүктүрүү саясат институту коомдук угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө методикалык жана уюштуруучулук көмөк көрсөтүшөт.