"Ачык Бишкек" комитети Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө арналган мыкты демилгелерди кабыл алат

13.10.2023 16:47
Демилгенин аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш.
"Ачык Бишкек" комитети Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө арналган мыкты демилгелерди кабыл алат

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрү!

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга жарандардын конституциялык укугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы (Мэрия) жана Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн “Ачык Бишкек” комитети ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана шаарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун чыцдоого багытталган демилгелерди кабыл алууну жарыялайт.

Мыкты демилгелер “Ачык Бишкек” комитетинин биргелешкен иш планына киргизилет.

Сунушталган демилгелер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдына алуу жана санариптик башкаруу технологияларын киргизүүгө багытталган демилгелер артыкчылыктарга ээ болот.

Демилге берүүчүлөр болуп демилгени ишке ашырууга катышууга даяр жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Демилгенин аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш.

Кызыкдар тараптар үчүн демилгелер боюнча консультация 2023-жылдын 31-октябрында саат 9.30да Бишкек ш., Орозбеков көч., 87 дарегиндеги Парк Отелде өтөт.

Консультацияга 0770 77 11 14 телефону же AMamytov@dpi.kg электрондук почтасы аркылуу 2023-жылдын 27-октябрынан чейин жазылсаңыз болот.

Консультация алдын ала жазылуу менен гана жүргүзүлөт!

Демилгелердин мазмуну боюнча суроолор болсо Сатыбеков Бакытка 0559 74 55 74 телефону же b.satybekov@gmail.com электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.

Демилгелер 2023-жылдын 15-ноябрына чейин кабыл алынат.

Демилгеңизди төмөнкү шилтеме аркылуу тапшырсаңыз болот:

http://www.ogp.el.kg/ru/podat-iniciativu

Мыкты деп тандалып алынган демилгелер “Ачык Бишкек” комитетинин биргелешкен иш планына киргизилет.