Эч ким артта калбайт

28.10.2022 16:14
2022-жылдын 28-октябрында Бишкекте камкор жергиликтүү өнүгүүгө карай багыт алган айыл аймактарын жана шаарларын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программалар (СЭӨП) үчүн иш-чаралардын жыйнагын талкуулоого арналган ”тегерек стол” болуп өттү.
Эч ким артта калбайт

2022-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарындагы «City Hotel» мейманканасында камкордуу жергиликтүү өнүгүүгө карай багыт алган айыл аймактарын жана шаарларын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программалар (СЭӨП) үчүн иш-чаралардын жыйнагын талкуулоого арналган ”тегерек стол” болуп өттү.

Иш-чараны Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) менен биргеликте Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору уюштурган. Тегерек столго республиканын бардык аймактарынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, эл аралык долбоорлордун жана өнүктүрүү агенттиктеринин өкүлдөрү, ошондой эле КР ЖӨБ жана инклюзивдик өнүктүрүү чөйрөсүндө иштеген эксперттер катышты.

Камкордуу (инклюзивдик) өнүгүү деген эмне?
Ал коомчулуктарга кандай пайда алып келиши мүмкүн?
Коомчулуктагы аялуу топтордун абалын жеңилдетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандай кадамдарды жасаса болот?

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору калктын бардык катмарынын муктаждыктарын эске алуу үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жергиликтүү программаларын иштеп чыгууга жарандардын активдүү катышуусу өтө маанилүү деп эсептейт. Аялдардын, жаштардын, майыптардын, этникалык азчылыктардын, аз камсыз болгон жарандардын үнү канчалык ачык жана катуу болсо, алардын кызыкчылыктарын чагылдырган өнүгүү программасын иштеп чыгуу ошончолук жеңил болот.

2022-жылдын жазында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан Долбоордун 47 пилоттук муниципалитеттин арасында социалдык жана гендердик сезимталдыктын принциптерин эң жакшы чагылдырган социалдык-экономикалык өнүгүү программа үчүн сынак өткөрүлгөн. Бул сынактын жыйынтыгы боюнча алты жеңүүчү муниципалитет аныкталды. Дагы алты муниципалитет кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Сынакка берилген программалардын көбү жергиликтүү коомчулуктардын аялуу мүчөлөрүн инклюзивдүү өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган иш-чараларды камтыган. Бул чаралардын айрымдары “Инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча өнүгүүгө багыт алган айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары үчүн чаралардын жыйнагына” киргизилген.

Жыйнак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктардын камкордуу өнүгүү, тең укуктуулук жана өнүгүү үчүн шарттардын жеткиликтүүлүгү маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында чыгарылган. Анда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулуктун аярлуу топтордун абалын олуттуу жакшыртууга жана ал тургай аялуу катмардан чыгууга мүмкүндүк берүүчү шарттарды түзүүгө багытталган иш-аракеттеринин мисалдары камтылган .

Тегерек стол муниципалитеттердин СЭӨПларына инклюзивдик чараларды иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууга, алынган сабактарды жана мындан аркы аракеттерди талкуулоого арналды.

Проект: