Швейцария Кыргызстанга Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алууга көмөктөшөт

10.06.2022 18:04
Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси – Европа Кеңешинин жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүүсүн колдоого арналган органы.
Швейцария Кыргызстанга Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алууга көмөктөшөт

Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 8-10-июнунда Страсбург шаарында (Франция) Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси[1] менен «Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш» статусун Кыргыз Республикасы тарабынан алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени[2] талкуулоодо. 

Таанышуу сапарынын жүрүшүндө тараптар Европа Кеңешинин жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана натыйжалуу региондук түзүмдөрдү өнүктүрүүнү колдоо; аймактар ​​аралык кызматташтыкты жөнгө салуу, башкаруунун алдыңкы ыкмалары менен таанышуу жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашуу.

Иш сапар Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (ЭҮЖӨБОЖ долбоору) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

________________

[1] Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгресси – Европа Кеңешинин жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүүсүн колдоого арналган органы.  

[2] Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин Башкы катчысы Андреас КИФЕР "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында 2022-жылдын 3-мартында Бишкекте өткөрүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасында жакшырган жашоо шарттары” аттуу эл аралык конференцияга катышкан. Түз алып берүүгө шилтеме: https://fb.watch/dyPJnqWfEp/  

Проект: