Аймактарды функционалдык зоналаштыруу: жаңы изилдөө өлкөдөгү административдик аймактык реформанын негизи боло алабы?

03.06.2022 15:01
Булак: "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору.
Аймактарды функционалдык зоналаштыруу: жаңы изилдөө өлкөдөгү административдик аймактык реформанын негизи боло алабы?

2022-жыл 2-июнь күнү Бишкекте КР экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү (жалпы 20 катышуучу) үчүн функционалдык зона темасында семинар-презентация болуп өттү.

Хельветас уюмунун мамлекеттик башкаруу боюнча кеңешчиси, Лидия Будиса, административдик-аймактык уюштуруунун ыкмасы катары аймактардын функционалдык зоналары жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей: “функционалдык зона аймактагы социалдык-экономикалык мамилелерди изилдейт, ал эми функционалдык зона – бул тыгыз жана тез икше ашкан социалдык-экономикалык өз ара аракеттенүү жана аймактагы мамлекеттик/муниципалдык түзүмдөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгүн камтыган аймак болуп саналат. Ал тарыхый аймактык чек аралар, же азыркы муниципалдык жана андан жогорку мамлекеттик деңгээлдеги административдик чектер менен аныкталбайт. Бул ыкма аймактагы органикалык эволюцияга негизделет”.

Андан соң "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун менеджери Нурбек Имакеев Жалал-Абад облусунун үч районунун функционалдык талдоосунун пилоттук изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча презентация сунуштады.

Бул функционалдык зоналаштыруу ыкмасы жана изилдөө азыркы убактын талабына жараша КРнын Ысык-Көл облусун административик-аймактык реформалоо боюнча алдыдагы пилоттук долбоорун баштоого жана функционалдык зоналарга бөлүүгө фундаменттик негиз болушу мүмкүн.

Бул презентация-семинар Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту, КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте аткарылган "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Проект: