Катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) башкаруу боюнча аймактык план болушу керекпи?

24.05.2022 19:33
Пландын долбоору катуу калдыктарды башкарууга карата жагымсыз жагдай түзүлгөн пилоттук аймак – Ысык-Көлдүн мисалында иштелип чыккан.
Катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) башкаруу боюнча аймактык план болушу керекпи?

2022-жылдын 23-майында Бишкекте КТТ башкаруу боюнча аймактык пландын долбоору, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды. Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан КРнын ЖӨБ Союзу менен биргеликте аткарылган "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Фейсбук социалдык тармагында талкуунун видеосу жеткиликтүү: https://www.facebook.com/1443154222363404/videos/336125905326598  

Кыргыз Республикасынын аймагында катуу-тиричилик таштандыларын башкаруу көйгөйү ондогон жылдар бою системалуу чечилбей келет. Катуу-тиричилик таштандыларынан арылуу маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына өткөрүлүп берилген жана жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына киргизилген. Тилекке каршы көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары таштандыларды чогултуу жана чыгаруу функцияларын аткара алышат, бирок калдыктарды утилдештирүү үчүн потенциалга ээ эмес.

КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин 2018-жылга берген маалыматына ылайык, КРда 406 таштанды төгүүчү жай бар, алар жалпы 616 гектар жерди ээлейт. Алардын 13% гана мыйзамдуу же санкцияланган таштанды полигону деп эсептөөгө болот. Орточо эсеп менен алганда, Кыргыз Республикасы боюнча ар бир таштанды төгүүчү жай 19 миңге жакын адамды тейлейт, ал эми өзүн-өзү актоочу полигон эл аралык маалыматтар боюнча 250-300 миң адамга эсептелиши керек. Бул деген өлкөбүздөгү бардык таштанды төгүү жайлары рационалдуу керектөөлөрдөн бир кыйла эсе көп экендигин билдирет.

"КТТны утилдештирүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы таштанды төгүүчү жайларды ачуу үчүн жерлерди трансформациялоо өтүнүчү менен улам-улам кайрылышууда. Бирок мындай жайлардын санынын арбышы экологияга чоң зыян алып келет. Эч бир кайсы ЖӨБ органы жана көпчүлүк шаардык мэриялардын заманбап полигонду орнотуу жана башкаруу үчүн ресурстары жок, анткени анын курулушу 70-200 миллион сом өлчөмүндө инвестицияларды талап кылат. Ал эми 2018-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык орточо бюджети 24 миллион сомду гана түзгөн. Бул маалымат азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бир дагы ЖӨБ органы заманбап талаптарга ылайык КТТны утилдештирүү процессин талаптагыдай уюштуруу үчүн жетиштүү ресурстук потенциалга ээ эмес экендигин көрсөтүп турат. Дүйнөдө, көптөгөн мамлекеттер КТТны утилдештирүү маселесин жергиликтүү маанидеги маселелер категориясынан чыгарып, республикалык маанидеги маселелерге кошуп өз жоопкерчиликтерине алышууда, - деди Асель Мамбетова, Долбоордун жетекчиси.

Кыргызстанда КТТ башкарууга байланыштуу мыйзамдарда бир нече көйгөйлөр байкалууда: башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы жоопкерчиликтин бүдөмүктүүлүгү; КТТ утилдештирүү чөйрөсүндөгү башкаруу деңгээлдеринин жоопкерчилигин начар жөнгө салынгандыгы ж.б. маселелер, бул тармакка өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгын алып келди. Бул өзгөртүүлөрдүн максаты – келечек муундардын өмүрүнө, ден-соолугуна, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч туудурган таштандылардан сактоо. Бирок КТТ утилдештирүү системасын өзгөртүүдөн жана жаңы мыйзамдарды бекитүүдөн мурун, жоопкерчиликти чектөөнүн жаңы принциптерине негизделген катуу тиричилик таштандылардан арылуу механизминин пилотун ишке киргизүү зарыл.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, пилоттук аймакта КТТ башкаруунун регионалдык планын иштеп чыгуу керек. Пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусу тандалып алынган, себеби аталган аймакта таштандыларды башкаруу тармагында жагымсыз жагдай байкалууда. Бул үчүн долбоор ушул планды иштеп чыгуу үчүн таштанды тармагындагы эл аралык Латвиялык эксперт Янис Пролс менен иш алып барды.

Ушул эле темада 2022-жылдын 18-майында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун бардык муниципалитеттеринин башчылары, райондордун акимдери жана Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (бардыгы 80 катышуучу, алардын ичинен 9 аял) менен регионалдык пландын долбоорун алдын ала талкуулоо өткөрүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн айыл өкмөттөрү муниципалитеттер аралык кызматташуу механизми аркылуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүү маселелерин чечүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.