Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институту кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

16.03.2022 09:35
ЖМК үчүн байланыш: Нургүл Жаманкулова, ӨСИнин маалымат саясаты боюнча адиси, +996 555 / 0500 313-385, 770 771-711, njamankulova@dpi.kg
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институту кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

2022-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга ылайык, тараптар жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процессти өркүндөтүү жана бюджет маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандарды тартуу боюнча кызматташууну көздөшүүдө.

«Биз жарандык коом менен кызматташууну баалайбыз, анткени алардын долбоорлору жергиликтүү жамааттарды жана жергиликтүү бюджетти өнүктүрүүгө багытталган. Финансы министрлиги Өнүктүрүү саясат институту менен бюджеттик системаны эффективдүү, ачык-айкын жана отчеттуу кылуу максатында реформалоого байланышкан маселелер боюнча кызматташууга даяр экендигин ырастайт. Финансы министрлиги өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыгын координациялайт жана биргелешкен иш-чаралардын жыйынтыгында алынган жыйынтыктар менен менен сунуштарга ылайык бюджеттик процессти жөнгө салуудагы өзгөртүүлөрдү талкуулайт. Биз күч-аракетибизди бириктирип, потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырууга тийишпиз», - деди Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз.

Тараптар кызматташуу мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттик каражаттарды эффективдүү башкарууга, өлкөнүн өнүгүшүнө жана аймактарда калктын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшөөрүн баса белгилешти.

«Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасын реформалоо, жергиликтүү бюджеттерди ачык-айкын жана натыйжалуу түзүү жана аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен эксперттик экспертизаны, сунуштамаларды иштеп чыгууну жана кайра байланышты камсыздайт. Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү жамааттарды окутуу жана потенциалын жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөнү улантабыз; жарандардын бюджеттик процесстерге катышуусун күчөтүү жана жергиликтүү бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө алардын пикирин эске алуу үчүн шарттарды түзүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын жана жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөбүз», – деди Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Нурумбетов Сыймык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын бюджеттер аралык мамилелер саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искендеров Давлет, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкармалыгынын мүчөсү Бекиев Бекболот, муниципалдык финансы боюнча координатор Мамытов Азамат катышышты.

ЖМК үчүн байланыш: Нургүл Жаманкулова, ӨСИнин маалымат саясаты боюнча адиси, +996 555 / 0500 313-385, 770 771-711, njamankulova@dpi.kg

Скачать: