Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет

22.02.2022 09:19
ЖМК үчүн байланыш маалыматы: 0555 907055 (WhatsApp), 0700 907055, Замир Ыманкалиев.
Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ыңгайлуу шарт түзүлсө элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт, ажырым кыскарат.

Бирок, муниципалитеттер үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ар дайым эле жеңил эмес, ошол эле учурда аларды чечүүдө коомчулуктун дагы катышуусуна муктаж. Анткени жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү көпчүлүк учурда чектелүү. Бул маселерди чечүүнүн дагы бир жолу ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕР болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу жана өнөктөшү “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте республика боюнча кызыкдар айыл өкмөттөрү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди жарандардын катышуусу менен чечүү формасын ишке киргизүү максатында атайын окутууларды өткөрүп, жыйынтыгында 7 областтан 7 айыл өкмөтү пилот катары тандалып алынган.

2021-жылдын сентябрь айынан баштап 2022-жылдын январь айы ичинде  пилоттук айыл өкмөттөрү менен биргеликте, жергиликтүү демилгечилердин катышуусунда бир топ жергиликтүү маселелерди чечкенге жетишти. Ошондой эле, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу жана колдоо максатында  пилоттук айыл өкмөттөргө Долбоор тарабынан кичи гранттык колдоо көрсөтүлдү.

Долбоор аялдардын укуктарын коргоону (1-долбоор) жана кошууну (4, 5-долбоорлор) эске алуу менен айыл жеринин потенциалын жогорулатууга жана ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган социалдык-маданий идеяларды камтыды:

“Сергек Жаша” (аялдар үчүн спорт зал уюштуруу) жана “Талант тамыры элде – тартуулайлы элге” (бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү жамааттын маданиятын өнүктүрүү”;
«Жалпы пайдалануучу жайларды жарыктандырууну уюштуруу»;
“Көчөлөрдү көрктөндүрүү” (отургучтарды, таштанды челектерин орнотуу жана жарыктандыруу);
«Балдар үчүн бий студиясы»;
«Атам, апам жана мен» и «Жомокторго саякат»;
« Көчөлөрдү көрктөндүрүү » (көчө жарыктарын орнотуу);
«Сейил бак» (парктын аймагын көрктөндүрүү).

ЖӨБ Союзу жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2022-жылдын 21-февралында Бишкек шаарында жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу механизмдерин талкулоо жана ишке ашкан тажрыйбаларды башка айыл өкмөттөргө, мэрияларга жайылтуу максатында “Тегерек стол” уюштурду.

Бул жобону жетекчиликке алуу менен бардык айыл өкмөттөр жана мэриялар жергиликтүү калкты тартуу менен жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселелерди чечүүгө багытталган бир нече долбоорлорду, идеяларды жана башка демилгелерди каржылап, уюштуруп жана ишке ашыра алышат.

Иш чара КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу тарабынан Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (VAP) долбоорунун колдоосу менен өттү.

Проект: