Кыргызстанда тынчтык демилгелерге 50 грант бөлүндү

25.01.2022 09:59
Кыргызстанда тынчтык демилгелерге 50 грант бөлүндү

Бишкек жана Ошто International Alert эл аралык уюму бүткүл өлкө боюнча жарандык коом уюмдары үчүн гранттык каражаттарды колдонуу механизмдерин жана отчеттуулукка үйрөтүү боюнча гранттык семинарларды өткөрдү. Буга чейин жергиликтүү жарандык коом уюмдары жана ЖӨБ (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдары чыр-чатактарды алдын алуу жана жергиликтүү деңгээлде тынчтык курууну өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргеликте иштеп чыгып, эми аларды ишке ашырууга гранттарды алышат.

ЖӨБ органдары жана жарандык коомдун биргелешкен ишинин натыйжасында ар бир жамааттар үчүн чынында маанилүү тынчтык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүн болот.  Мына ошондуктан International Alert командасы тарабынан Улуттук Медиация Борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин колдоосу менен, бүткүл Кыргызстан боюнча ишке ашырылып жаткан «Ынтымактуу Жашоо» долбоорунун алкагында  эң активдүү жарандар чыр-чатактарды анализдөөгө жана алдын алуу методдоруна окутулду. Мындай жол менен алар чыр-чатактардын себептерин аныктап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аларды биргеликте чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

«Тынчтык демилгелерди ишке ашыруудан тышкары, биз жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын потенциалын жогорулатууну максат кылабыз. Муну менен алар биздин долбоор аяктагандан кийин дагы алган жөндөмдөрүн жана тажрыйбасын өздөрүнүн айыл аймагынын, районунун жана облусунун жыргалчылыгы үчүн колдоно алат», - деди ЕБ Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи  Эдуард Ауэр.

Грант алган уюмдар:

1.      “Child’s Rights Defenders League” КФ, (Түп АА), «Чыр-чатактарды алдын алуу – Түп ААнын жашоочулары үчүн туруктуу өнүгүүнүн негизи» долбоору

2.      «Багыт» кризистик борбору (Балыкчи ш.), «Ынтымактуу Шаар» долбоору

3.      “Демилгелүү Жаштар” КФ (Кочкор), «Жаштар арасында саясий агартууну медиа аркылуу алдыга жылдыруу»  

4.       "Тынчтык" КБ (Нарын ш.), «Ийгилик ачкычы – ынтымак» долбоору

5.      «Оңол Айым» КФ Талас облустук Жаштар кеңеши менен өнөктөштүктө (Талас облусу), «Ынтымактуу Жашоо - Жаратылышты Сактоо» долбоору

6.      Диланар КФ ТИО КБ менен биргеликте (Талас облусу), «Келечек учурда жаралат – Покровка айыл аймагында тынчтыкты куруу» долбоору

7.       «Корнелиус коому» КБ (Токмок ш.), «Биримдик үчүн» долбоору

8.      «Community Development Alliance» КБ (Курама), «Жергиликтүү жамаатта тынчтыкты алдыга жылдыруу» долбоору

9.      Агеркеч КБ (МТУ-1), «Тынчтык куруунун инклюзивдүү инновациялык платформасы»

10.   «Жамааттарды өнүктүрүү борбору» БӨУ (Ленин АА), «Ленин айыл аймагында чыр-чатактарды алдын алууда жарандардын жана ЖӨБОнун активдүүлүгүнүн потенциалын жогорулатуу»

11.   “Активист” КБ (Баткен облусу), «Эр достугу - эгиз, эл достугу-деңиз» долбоору

12.   “Чек арага чектеш жаштар тармагы» КБ (Баткен облусу), «Ынтымактуу жаштар» долбоору 

13.   “Тынчтык демилгелер” КБ “Диалог, ишеним, укук» КБ менен өнөктөштүктө, «Суу-Башы айыл аймагында жамааттардын кызматташтыгын жана биримдигин өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жарандык демилгелер»

14.   ЖККБ - Ноокат (Ош облусу), «Калктын ЖӨБ органдарына ишеним деңгээлин жакшыртуу» долбоору

15.   “Жаш Ниет” КБ (Ош облусу), «Демге дем» долбоору

16.   “Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору» КФ (Ош облусу), «Жаштар тилеги - тынчтык» долбоору

17.   Интербилим эл аралык борбору КФ (Ош облусу), «Өзгөн ш. калктын аялуу катмарларынын керектөөлөр мониторингинде жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБдүн потенциалын күчөтүү» долбоору

18.   “Ноокат Ирригатор” КФ “Согонду Жаштар Коому” КФ менен өнөктөштүктө (Ош облусу), «Ынтымактуу элге ырыс конот» долбоору

19.   “Жаш Күч” КБ (Жалал-Абад облусу), «Таш-Көмүр шаарында жаштардын ынтымагын бекемдөө жана шайлоодон кийинки чыр-чатактарды алдын алуу» долбоору

20.   “Айкан” КФ (Жалал-Абад облусу), «Терек-Сай айыл аймагында шайлоодон кийин калк жана айыл өкмөтү ортосунда чыр-чатактуу мамилелерди алдын алуу» долбоору

21.   “Мекеним Ала-Тоо” КФ (Жалал-Абад облусу), «Элет жеринин ынтымак куруучулары» долбоору

22.   “Гринлайт” КФ (Жалал-Абад облусу), «Жаштар демилгеси – өнүгүүгө карай жол» долбоору

23.    “Жаш жарандарды өнүктүрүү» КФ (Жалал-Абад облусу), «Жаңы-Жол айыл өкмөтү алдындагы коомдук-алдын алуу борборунун калк жана милиция менен социалдык өнөктөштүгү» долбоору

24.   “Каракөл шаарынын Аялдар кеңеши ” КБ (Жалал-Абад облусу»), «Коомдук алдын алуу борборлоруна жаңы дем берүү» долбоору

25.   “Тилектеш Эл” КБ «Казарман Келечек» КФ менен өнөктөштүктө (Жалал-Абад облусу), «Ынтымактуу жаштар-аймактын келечеги» долбоору

Мындан тышкары, долбоорго катышып жаткан 25 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук жана тартипти, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо боюнча демилгелерди колдоо үчүн чакан гранттарды алышат. Жалпысынан «Ынтымактуу Жашоо» долбоору Кыргызстандын 7 регионунда 25 пилоттук локацияларды кучагына алат жана ар бир жергиликтүү демилге локалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат.

«Кыргызстан үчүн борбор шаарда гана эмес, региондордо дагы күчтүү жарандык коомду түзүү өтө маанилүү. Чыр-чатактарды алдын алууда негизги роль активдүү жаштарга таандык жана биз алардын жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштеше турганына үмүт кылабыз. Биздин максат – жаш активисттерди тынчтык риториканы жана позитивдүү саясий маданиятты алдыга жылдырууда диалогго тартуу», - деп белгиледи Шакират Токтосунова, КРда International Alert уюмунун өкүлү. 

Маалымат үчүн:

International Alert уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук Медиация Борбору менен биргеликте Кыргызстанда активдүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, тартип жана укукту камсыздоодо колдоо үчүн, ошондой эле, Кыргызстандын тандалып алынган 25 локациясында медиация жөндөмдөрүнө үйрөтүү боюнча платформаны түзүү үстүндө иштеп жатат. Долбоор Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.