Плакат жана фотосүрөт конкурсу: “Тың жашоо: ушул тапта, ушул жерде”

02.12.2011 00:00
Бул плакат жана фотосүрөт конкурсу жергиликтүү өз алдынча башкаруу процесстерин, принциптерин, максаттарын жана башка жагдайларын чагылдыруу үчүн уюштурулуп жатат.

Бул плакат жана фотосүрөт конкурсу жергиликтүү өз алдынча башкаруу процесстерин, принциптерин, максаттарын жана башка жагдайларын чагылдыруу үчүн уюштурулуп жатат.

Анын алкагында жыйналган эмгектер жалпы эле элди жана чечим кабыл алуучу адамдарды үгүттөө (эдвокаси) жана үйрөтүү аспаптары катары колдонулат. Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерди так ажыратып караган туруктуу мамлекеттик башкаруу маданияты калыптангыча, өлкөбүздө бул суроону көп жылдар боюу “фокуста кармап” туруучу визуалдык материал аздык кылып жатат.

Проблема:

Мамлекет коомдук келишимдин негизинде пайда болот жана ал мамлекеттик деңгээлде тейлөө көрсөтөт: мыйзам чыгаруу, стандарттарды киргизүү, тышкы саясат, коргоо жана башкалар. Бул тейлөө өтө маанилүү, бирок биз аны күнүмдүк жашоодо колдонбойбуз.
Көбүнчө биз башка, жергиликтүү деңгээлдеги, тейлөөгө көңүл бурабыз: суу менен камсыз кылуу, таштандыларды тазалоо, жолдор, бала бакчалар жана мектептер. Ал эми булардын баарын, башкаруунун алгачкы деңгээлинде турган, биздин күнүмдүк жашоого эң жакын болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тейлейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызы мамлекеттик деңгээлден өзгөчөлөнөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү деңгээлдеги суроолорду чечүүгө багытталган, жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын көздөгөн жана ошол коомчулуктун жоопкерчилиги астында аткарылган аракет.

Демек, бизде жергиликтүү деңгээлдеги суроолорду чечүүгө түздөн-түз киришүүгө мүмкүнчүлүк бар. Башкача айтканда, биз жолдордун сапаты, көчөлөрдүн жарытылышы, парктардагы, мектепдердеги жана бала бакчаларындагы шарттар, суу менен камсыз кылуу, таштандыларды тазалоо сыяктуу суроолорго таасир этүүгө укуктуубуз жана ал колубуздан келет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар көчөлөрдү жарытуу же жолдорду оңдоо маселелерин чечип эле тим болбостон, андан да татаалыраак суроолор менен алектенсе болот – коомдогу моралдык климат, үй-бүлө баалуулуктары, салттар ж.б. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандарга түрдүү суроолорду чечүүгө түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүн бергендиктен, ал жашообузда оң өзгөрүүлөрдү алып келген эң негизги аспапка айланса болот. Ал мамлекеттин аракетин күтпөй эле өзүбүздүн күнүмдүк жашоону ушул тапта жакшыртып, ыңгайлуу кылуу үчүн айкын мүмкүнчүлүк.

Уюштуруучулар: ПРООН, “Сорос-Кыргызстан” фонду, Эл аралык тоо шериктештиги, Кыргыз Республикасындагы Кызматташтык  жана Өнүктүрүү саясат институту.

Партнерлор:

Дизайн.kgинтернет-порталы, «Цех» арт-борбору

Өткөрүү мөөнөтү:

1-декабрь 2011 ж. – 30-январь 2012 ж.

Катышуучулар:

Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында окуп же жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар.

Номинациялар:

·         Фотоконкурс

·         Плакат конкурсу

Автордукукуктар:

Бардык укуктар плакаттардын/сүрөттөрдүн авторлоруна таандык. ПРООН конкурска тапшырылган эмгектерди ПРООНдун публикацияларында, ММКда жана ушул проекттин рекламасында колдонууга укуктуу. Конкурска эмгегин тапшырган автор конкурстун шарттарына макулдугун билдирет.

Фотоконкурс

Конкурстун шарттары:

Конкурска автордук түстүү жана ак-кара сүрөттөр (20х30 см.) кабыл алынат, бир автордон 5тен көп эмес. Компьютердик коллаждар кабыл алынбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ишин, жергиликтүү жашоону чагылдырган жана жергиликтүү (сиздин) коомчулуктун катышуусу менен болгон оң өзгөрүүлөрдү (жардамкөрсөтүүж.б.) көрсөткөн репортаждык жана жанрдык сүрөттөргө өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Сүрөттүн арт жагында төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

·         Эмгектин аты

·         Сиздин аты-жөнү

·         Жашыңыз

·         Үй дарегиңиз, телефон номериңиз (жумуш, үй, уюлдук)

·         Электрондук почтаңыз

Сүрөттүн бет жагында эч кандай автор жөнүндө информация, белгилер болбошу керек.

Сыйлыктар:

1 - байге- $ 400

2 - байге - $ 300

3 - байге - $ 200 (эки премия)

Колдоо сыйлыгы - $ 100 (үч премия: «Региондон келген эң мыкты сүрөт»», «15-18 жаш группасындагы эң мыкты сүрөт», «Калыстар тобу симпатиясы»).

Калыстар тобунун мүчөлөрү:
Алимжан Жоробаев, фотограф, башчысы.

Александр Федоров, фотограф.

Георгий Колотов, фотограф.

Вячеслав Оселедко, фотограф.

Алексей Лысогоров, дизайнер, фотограф, Дизайн.kgинтернет-журналынын башкы редактору.

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү  саясат институту.

«Сорос – Кыргызстан» фонду.

Жылдыз Куватова, ПРООН.

Кайратбек Мурзакимов, ПРООН.

Бардык байге алуучулар конкурс дипломун алышат.

Конкурстунайтылган тематикасына тууракелбеген эмгектерди карабай коюуга укуктуу.

Жеңүүчүлөр өз эмгектеринин санарип версияларын берүүгө тийиш.

Конкурста катышкан эмгектер ПРООНдун публикацияларында колдонулса болот.

Бардык эмгектер, жабылган конверттин ичинде 30-январь 2012-ж., 17.00гө чейин БУУ Үйү (Дом ООН), Чуй проспекти 160, Бишкек шаары, дареги боюнча тапшырылышы керек.
Кошумча суроолорду 611.211 (кош. 131) телефону боюнча берсеңиз болот, конкурстун координатору – КайратбекМурзакимов.

Плакаттар конкурсу:

Конкурстуншарттары:

Конкурска автордук А3, каалаган техникада (компьютердик жана колдо) жасалган  плакаттары кабыл алынат, бир автордон (же автордук топтон) 3төн көп эмес. Плакаттар графикалык, шрифттик (мисалы, кыргыз же орустилинде слогандар) же фотографиялык элементтерди камтыса болот. Алардын арт жагында төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

·         Эмгектин аты

·         Автор (-лор) дунаты-жөнү

·         Автор (-лор) дун жашы

·         Автор(-лор) дун үй дареги, телефон номери (жумуш, үй, уюлдук)

·         Автор(-лор) дун электрондук почтасы (-лары)

Плакаттын бет жагында эчкандай автор жөнүндө информация, белгилер болбошу керек.

Байгелер:

1-байге - $ 700

2- байге - $ 500

3- байге - $ 300 (эки премия)

«Бюджеттин ачыктыгы» темасындагы эң мыкты плакатка атайын приз - $ 500

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» темасындагы эң мыкты плакатка атайын приз - $ 500

Колдоо сыйлыгы - $ 100 (үч премия: «Региондон келген эң мыкты плакат», «15-18 жаш группасындагы эң мыкты плакат», «Калыстар тобу симпатиясы»).

Калыстар тобу:

Эмиль Тилеков, дизайнер, топтун башчысы.

Дмитрий Лысогоров, дизайнер.

Гамал Боконбаев, арт-критик.

Улан Джапаров, арт-критик.

Евгений Ким, дизайнер.

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институту.

«Сорос – Кыргызстан» фонду.

Жылдыз Куватова, ПРООН.

Кайратбек Мурзакимов, ПРООН.

Бардык байге алуучулар конкурс дипломун алышат.

Конкурстун айтылган тематикасына туура келбеген эмгектерди карабай коюуга укуктуу.

Жеңүүчүлөр өз эмгектеринин санарип версияларын берүүгө тийиш.

Конкурста катышкан эмгектер ПРООНдун публикацияларында колдонулса болот.

Бардык эмгектер, жабылган конверттин ичинде 30-январь 2012-ж., 17.00гө чейин БУУ Үйү (Дом ООН), Чуй проспекти 160, Бишкек шаары, дареги боюнча тапшырылышы керек.
Кошумча суроолорду 611.211 (кош. 131) телефону боюнча берсеңиз болот, конкурстун координатору – КайратбекМурзакимов.