2021-ж. II жарым жылдыгындагы “ЖӨБ мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды

20.12.2021 18:06
Бардык суроолор боюнча Долбоордун адиси Сулайманов Абдырахманга кайрылыңыздар: Abdyrakhman.Sulaimanov@helvetas.org
2021-ж. II жарым жылдыгындагы “ЖӨБ мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды

17-декабрда Бишкек шаарында 2021-жылдын II жарым жылдыгында “ЖӨБ мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Конкурстун максаты:

Иш-чара офлайн жана онлайн форматта болуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү коомчулуктар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана эксперттерден 30га жакын адам катышты. Ошондой эле 40ка жакын адам Zoom катышып, Фейсбук баракчасында видео трансляция уюштурулду.

Конкурстун финалисттери өздөрүнүн мыкты тажрыйбаларын баяндагандан соң, суроолорго жооп берип, тажрыйбалары менен алмашышты.

2-жарым жылдык үчүн финалдык добуш берүүгө төмөнкү мыкты тажрыйбалар жайгаштырылган:

Онлайн добуш берүү 6-декабрдан 10-декабрга чейин чейин өттү.

Текшерүү жана саноолордун жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөндөгүдөй бөлүндү:

Конкурстун жеңүүчүлөрү товардык түрдө байгелерди[1], КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары, ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталына акысыз жазылуу укугун утуп алышты.

Конкурстун финалисттерин жеңиши менен куттуктайбыз, ЖӨБ органдарына иштеринде ийгиликтерди жана гүлдөп өсүшүн каалайбыз!

_____________

[1] Конкурс жөнүндөгү Жобого ылайык, ЖӨБ органдары тарабынан байгелүү каражаттар (грант) баяндалган тажрыйбаны улантууну колдоо же маанилүү башка маселени үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Проект: