ӨСИ ишке ашырып жаткан эки долбоордун алкагында Байкоочу кеңештин отуруму болуп өттү

05.10.2021 11:58
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү талкууланды.
ӨСИ ишке ашырып жаткан эки долбоордун алкагында Байкоочу кеңештин отуруму болуп өттү

2021-жылдын 1-октябрында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс“ (ЭҮЖӨБОЖ) жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (ЖДККЖ)” долбоорлорунун Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн талкуулоого арналган Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиктин (АӨМА), Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун (ЖӨБ Союзу), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Мамлекеттик кадр кызматынын, КР Экономика жана Финансы министрлигинин, Өнүктүрүү саясат институтунун, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) өкүлдөрү катышты.

Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин (АӨМА) директорунун орун басары Р. Алыкулов "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү: АӨМАнын ЖӨБдун азыркы абалына, негизги жетишкендиктерине, анын ичинде Швейцария Өкмөтү каржылаган (ЭҮЖӨБОЖ жана ЖДККЖ) долбоорлорду көз карашы, көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр, чечилбеген маселелер жана чечүү жолдору" темасы алкагында презентация жасады. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун КРда өнүгүү тарыхын, учурдагы абалын, негизги жетишкендиктерин АӨМАнын статусу жана жаңы киргизилип жаткан санариптик чечүү жолдорун кеңири талкуулады. Ошондой эле "Санарип аймак" системасынын кошумча модулдарын иштеп чыгуу  мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Б.Орозбаев жыйындын катышуучуларына жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктер жана кыйынчылыктар жөнүндө айтып, ошондой эле Швейцариянын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун колдоосунун негизги принциптерине токтолду: тутумдук өзгөрүүлөрдү колдоо, улуттук деңгээлде уюмду өнүктүрүү стратегиясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзун колдоосу боюнча пикири менен бөлүштү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, Мамлекеттик кадр кызматынын (мамлекеттик заказ) тажрыйбасы, жетишкендиктери жана милдеттерин көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Б.Сагынбаев сөз сүйлөдү.

Ал эми ӨСИ башкармалыгынын төрайымы Н. Добрецова муниципалдык кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу жана келечектеги багыты боюнча тааныштырды.

Ошондой эле, катышуучуларга Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталы да тартууланды. Директордун милдетин аткаруучу А. Джунушалиева муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча Академия тарабынан пландаштырылган иштерге кеңири токтолду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү ЖӨБ Союзу, аты аталган долбоорлор, ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар Порталы менен иштешип жатышкандыгын айтып беришти, ошондой эле кызматкерлерди окутуу маселелеринде Академияны колдоосун билдирди.

Проект: