ЖДККЖ долбоору “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасына 26 айылдык аймактын өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу турун уюштурду

13.09.2021 10:45
Тажрыйба алмашуу иш-чарасы "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
ЖДККЖ долбоору “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасына 26 айылдык аймактын өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу турун уюштурду

2021-жылдын 6-7-сентябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылдык аймагында "Масы Тазалык" муниципалдык ишканасынын (МИ) өнүгүү тажрыйбасы боюнча алмашуу туру болуп өттү. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Эки күндүк алмашуу туруна Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 26 максаттуу муниципалитеттеринен 59 өкүлдөр катышып, муниципалдык ишканалардын жардамы менен жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жаңы ыкмаларын окуп үйрөнүштү, ошондой эле муниципалдык ишканаларды андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл реформаларды жасоо боюнча өз билимдерин тереңдетишти.

32 жаштагы Мырзабеков Нуркан бул иш-чарага Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Акжол айылдык аймагынан келди. Активдүү  жаш муниципалдык кызматкер катары, ал Ак-Жол айыл өкмөтүндөгү материалдык маселелер боюнча бухгалтер болуп иштейт. Өз сөзүндө мындай деди: "бул тажрыйба алмашуу турунда биз жаңы идеяларды жана пикирлер менен тааныштык. Мисалы, муниципалдык ишканаларды түзүү жана анын толук кандуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруусу жөнүндө кеңири маалымат ала алдык. Мен үчүн эң пайдалуу бөлүгү - муниципалдык ишкананын Масы айыл аймагындагы катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгарууга бекитилген тарифтер менен иштөө тажрыйбасын айта алам".

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун "Кызыл-Суу Тазалык" муниципалдык ишкананысынын башчысы Кененбаев Рысбек "Масы Тазалык" муниципалдык ишканасы өз абоненттери менен мыкты иш алып барганын баса белгилеп аткарылган жумуштардын Актысына баа берди. Кошумча: "Алардын жумушуна дагы бир маанилүү нерсе калктан чогултула турган тариф деңгээли абдан жогору. "Масы Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат тарифи бизден алда канча жогору экендигине карабастан, Масы айыл өкмөтү  жана муниципалдык ишкана презентацияларында көрсөтүлгөндөй жакшы иштерди аткарып жатканы ачык айкын" деди.

Мындан тышкары, бул тажрыйба алмашуу туру "Масы Тазалык" муниципалдык ишканасынын эсепке алуу саясатын түзүү жана аны колдонуу боюнча тажрыйбасын таркатуу максатында уюштурулду. Аткени мындай саясат жергиликтүү маселелерди.чечүүдө натыйжалуу жана таасирдүү болуп саналат.

Иш-чаранын аягында катышуучулар  өз муниципалитеттериндеги муниципалдык ишканалардын өнүгүшү үчүн алган билимдерин жана көндүмдөрүн толук өлчөмдө колдонууга даяр экендигин баса белгилешти.

Эске сала кетсек, Долбоор 2018-жылы Токтогул шаарында жана Кумбел муниципалитетинде дал ушундай тажрыйба алмашуу турларын өткөргөн. Ошондой эле ушул жылдын аягына чейин кийинки алмашуу турун өткөрүү пландаштырылууда.